Бишкекте лифттердин техникалык абалы текшерилүүдө

Бишкекте лифттердин техникалык абалы текшерилүүдө

Бишкекте лифттердин техникалык абалы текшерилүүдө. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Текшерүү Бөкөнбаев көчөсү, 14 дарегиндеги көп кабаттуу үйдөгү лифттерден башталган.

«Бишкекгорлифттин» адистери эшиктердин, шахталардын жана кабиналардын иштөө тартибин текшеришти. Бул лифттерге 37 жыл толду, алар толук канаттандырарлык иштеп жатат», — деп белгилешти мэриядан.

Мындан тышкары, үй комитети жана жашоочулар менен жолугушуу болуп, анда аларга үй ээлеринин шериктештигин түзүү сунушталды.

«Бул лифтти колдонуудагы мыйзамдарга ылайык алмаштыруу процесси зарыл документтердин тизмесин түзүп, ишканага тапшырган Турак жай ээлеринин ассоциациясы түзүлгөндө гана ишке ашат», — деп кошумчалады мэриядан.

Эске салсак, 11-январда Улан-1 кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги лифт адамды кыпчып калып, каза болгон.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>