Кар жаайт. Кыргызстанда 11-апрелге чейин күтүлгөн аба ырайы

Кар жаайт. Кыргызстанда 11-апрелге чейин күтүлгөн аба ырайы

Кыргызгидромет кызматы Кыргызстандын аймагында 11-апрелге чейин күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Чүй облусу

9-апрелде түнкүсүн айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөйт, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

10-апрелде айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

11-апрелде түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.

Бишкек шаары

8-11-апрелде мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши ыктымал.

Талас облусу

9-10-апрелде айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал.

11-апрелде түнкүсүн айрым жерлерде жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.

Ош облусу

8-9-апрелде көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

10-апрелде айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал.

11-апрелде түнкүсүн айрым жерлерде жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.

Жалал-Абад облусу

9-апрелде түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Күндүз айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөйт, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

10-апрелде айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. 11-апрелде түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.

Баткен облусу

9-10-апрелдерде айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөйт, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

11-апрелде түнкүсүн айрым жерлерде жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.

Ысык-Көл облусу

9-апрелде түнкүсүн айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

10-апрелде айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

11-апрелде түнкүсүн айрым жерлерде жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.

Нарын облусу

8-9-апрелде көпчүлук аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы ыктымал.

10-апрелде айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

11-апрелде түнкүсүн айрым жерлерде жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>