Кайда экенин билебиз, бирок жетүү мүмкүн эмес: Тоолор Наталья Наговицинаны коё берген жокКыргызстанда калктын саны 7,3 миллион адамга жеттиБишкекте “Достуктун алтын көпүрөсү” эстелиги ачылдыБыйыл Кыргызстан Ооганстанга жүк ташуучу унаалардын экспортун көбөйттүКыргызстанда 3400дөн ашык айдоочуга ОСАГО жоктугу үчүн айып пул салындыБишкектеги жол оңдоо иштери качан бүтөт? Тургундардын сабырын сынаган тыгын
Кайсы товарды дүкөнгө кайтара албайсыз? Тизме бекитилди
02.07.2024 | 19:00
Министрлер кабинети кайра кайтарууга жатпаган товарлардын тизмесин бекитти. Бул тууралуу Монополияга каршы кызматы билдирди.
Тизме:
- Балуу металл, балуу таштардан жасалган буюмдар.
- Техникалык татаал тиричилик товарлары жана кепилдик мөөнөтү бар протездик-ортопедиялык буюмдар,
- Ич кийим, шейшеп, ымыркайлардын кийими, байпак жана кол каптар.
- Кездеме, тор жана башка метрлеп сатылган буюмдар.
- Парфюмерия жана косметикалык буюмдар.
- Синтетикалык кир жуучу жана тазалоочу каражаттар.
- Тиричиликке керектелүүчү химиялык каражаттар, агрохимикаттар.
- Канцеляриялык товарлар: тушь, сыя, боек, лак ж.б.
- Фотопленка, фотокагаз, фотореактив.
- Жеке гигиеналык заттар (тиш жуугуч, тарак, чачка байлагыч, сакал алгыч ж.б)
- Эмерек.
- Үй шартында дарылануу жана алдын-алуу үчүн заттар, жабдуулар.
- Календарь, буклет жана башка мезгилдүү эмес басылмалар.
- Жаныбарлар, өсүмдүктөр, дан жана балык, куш менен башка жандыктар үчүн азык.
- Полимерден жасалган ашкана буюмдары.
- Тери буюмдары.
- Кулак кап жана аудио-видео жаздыруучу каражат.
- Ветеринардык дарылар.
- Тамеки.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика