«Калп айтып жүрүп, бели сынат». Ташиев Ташовдун 100 млн сом тууралуу сөзүнө жооп берди (видео)

«Калп айтып жүрүп, бели сынат». Ташиев Ташовдун 100 млн сом тууралуу сөзүнө жооп берди (видео)

Бүгүн парламенттин жыйынында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев «KG Групп» курулуш компаниясынын ээси Имамидин Ташовдун «УКМКнын кызматкерлери 100 млн сом опузалаганы» боюнча айыптоосуна жооп берди.

Отурумда депутат Мейкинбек Абдалиев буга чейин ММКларга Имамидин Ташов УКМКнын кызматкерлери андан «сол чөнтөккө» 100 млн сом сураганы тууралуу маалыматтар чыкканын айтып, Ташиевди бул боюнча түшүндүрмө берип коюуну өтүндү.

Ташиевдин айтымында, ага түнүндө президент Садыр Жапаров Имамидин Ташовдун кайрылуусу боюнча чалган.

«Түнкү саат 1-2лерде президент мага чалып, «бирөө сенин кызматкерлериң 100 млн сом сураган деп айтып жатат» деди. Андан кийин мен видеону издеп таап, карадым. «KG Групп» курулуш компаниясынын ээси Имамидин Ташов айтып чыгыптыр. «52 млн сом кассага төлөтүштү, сол чөнтөккө 100 млн сом сурады» дептир.

Имамидин Ташовду эмне үчүн камаганыбызды билдирейин. Бишкек шаарында бир үйдүн жашоочулары мага кайрылып, көп жылдан бери ал үйдө жашаганына карабай, үйүнүн кызыл китебин ала албай жатканын айтып, Ташовго чара көрүп берүүнү суранган. Ташовду чакырып сүйлөшкөнүбүздө, жашоочулардын айтканындай болуп чыкты. Ташовду камаганбыз. Ал 52 млн сомду бизге эмес, Бишкек шаарына келтирген зыян үчүн төлөп берди», — дейт Ташиев.

Сөзүн улай ал Ташовдун «УКМКнын кызматкерлери 100 млн сом сурады» деген сөзү боюнча суроого жооп берди. Анын айтымында, УКМК соттун чечими менен Имамидин Ташов тергөө абагында отурган жерге видеобайкоо камераларын орнотуп, анын кимдер менен сүйлөшкөнүн жаздырып алышкан.

«Эми анын айтып жаткан 100 млн сому боюнча. Ал «УКМК кызматкерлери 100 млн сом сураду» деп жатат. Жана айтылгандай, соттун чечиминин негизинде Ташов тергөө абагында отурган жерде Тилекмат Куренов менен телефон аркылуу сүйлөшкөнү жаздырылган. Алар Кыргызстанда «кайсы күнү төңкөрүш кылабыз?» деп сүйлөшкөн. Бир нече күн сүйлөштү. Ага карабай биз 52 млн сом төлөгөндөн кийин Ташовду тергөө абагынан чыгардык. Чыгаргандан кийин дагы «эмне деп сүйлөшөр экен, качан төңкөрүш кыларын көрөлү» деп байкадык. Кечээ күнү видео чыгарды. Ал видеосуна каршы Тилекмат Куреновдун сүйлөшкөнүн жаздырып алдык. Ал «100 млн сом деп айта бер, эл ишенет, элди козгой бер» деп жатат. Азыр Имамидин Ташовго издөө жарыяладык. Ал азыр бекинип, качып жүрөт. Биз аны баары бир кармайбыз, жоопко тартабыз. Мамлекетте төңкөрүш уюштурууга даярданганы үчүн жоопко тартабыз. Ушул 100 млн сом жөнүндө айтылып жатат», — деди ал.

Ошондой эле Ташиев Имамидин Ташов калп айта берсе, бели сына турганын, тилдин азабын тартарын айтты.

«Имамидин Ташов калп сүйлөп, видеокайрылуу жасап ойноп жүрүп бели сынат. Мен «тилиңди тартпасаң, тилиңдин азабын тартасың» деп айтып келем. Ошол сыңары Имамидин Ташов тилинин азабын тартып, бир күнү ыйлап келет», — деди Ташиев.

«KG Групп» компаниясынын ээси Имамидин Ташов үй камагына чыкты

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>