Жамгырчиевдин «Ак үйдүн» экинчи кабатынан секирип качкан видеосу жарыяланды

Жамгырчиевдин «Ак үйдүн» экинчи кабатынан секирип качкан видеосу жарыяланды

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиевдин кечээ парламенттин экинчи кабатынан секирип, качып кеткен видеосу жарыяланды.

Анда эл өкүлү имараттан секирип түшкөндөн кийин, көчө аралап качат. Ак үйдүн маңдайындагы кафелердин тосмосун дагы аттап-буттап, артынан куугунтук бардай артын карабай чуркаган.

Белгилей кетсек, бүгүн парламенттин жыйынында депутат Нилуфар Алимжанова Жамгырчиев анын кабинетинин терезесинен секиргенин айтып, буга укуктук баа берүүнү суранды. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев ал боюнча эч кандай териштирүү жүрбөстүгүн белгиледи.

«Ал өзү иши. Кааласа жетинчи кабаттан секирсин», — деп кошумчалады.

«Альянс» фракциясынын лидери Жанар Акаев Эмил Жамгырчиев менен байланыша албай жатканын кабарлады.

Жогорку Кеңеш Эмил Жамгырчиевди жоопко тартуу сунушун колдоду

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>