Калыңдан айырмасы, наркы жана төлөө мөөнөтү. Махр боюнча суроолорго жооп

Калыңдан айырмасы, наркы жана төлөө мөөнөтү. Махр боюнча суроолорго жооп

Акыркы жылдары жаштар арасында махр темасы актуалдуу болуп, социалдык тармакта нике кыюу учурунда күйөөсүнөн белек сураган видеолор байма-бай жарыяланып турат. Айрымдар алтындан жасалган зер буюм, же тон сураса, батир талап кылгандар дагы жок эмес. Видеолорду карап жаштар арасында акыркы үлгүдөгү iPhone менен автомобиль өтө балуу экенин байкоого болот. Бирок махрдын түпкү маңызы балуу белек менен гана чектелип калбастыгын көпчүлүк жаш түгөйлөр билбейт шекилди.

Reporter.kg муфтияттын фатва бөлүмүнүн мурдагы адиси Бактияр Токтогазиевден махрга байланышкан суроолорго жооп алды.

Махр аялзатынын материалдык мүмкүнчүлүгүн жана көз-карандысыздыгын бекемдөөгө багытталган.

“Ал аялзатынын материалдык укугун камсыздайт. Өзүнүн жеке бюджети, мүлкү. Балким келечекте кандайдыр бир керегине жарап калат”, — дейт Бактияр Токтогазиев.

Ал каражатты аял өзү каалагандай жумшап, үй-бүлөлүк бюджетке кошпойт. Анын сарпталышына эркек кийлигише албайт.

Бактияр Токтогазиевдин айтымында, махр эркектин сезимдерине жана никеге көз-карашына сыноо дагы болуп эсептелет.

“Эркектин сөз айткан аялга карата мамилеси, никеге ниети канчалык олуттуу? Ал өзүнүн сөзүнө жана кадамдарына канчалык жоопкерчиликтүү карайт? Баш кошом деген аялга өзүнүн бир балуу мүлкүн берүүгө даярбы?”, — дейт диний кызматкер.

Бактияр Токтогазиевдин айтымында, махр сөзсүз түрдө берилет жана ал кийин кайтарылбайт.

“Махр айтылып, бирок жаштар никеге кирбей калса дагы берилет. Бул шарт. Бизде ажырашкандан кийин махрды кайтарсын деп келгендер бар. Андай болбойт, кайтарылбайт”, — дейт муфтияттын өкүлү.

Бактияр Токтогазиев махр менен калыңдын айырмасы жок деп эсептейт.

“Буга ар кандай көз-карашта караган имамдар бар. Никенин алдында, эгер кыз калың берилгенин таксыктаса, анда махр жөнүндө сөз козгонун зарылдыгы жок”, — дейт ал.

Ал калың – бул кыргыз салтында, махр —  шариятта айтылганын, экөөнүн тең маңызы аялдын материалдык укугун коргоого багытталганын белгилейт.

Айрым өлкөлөрдө махрдын минималдуу өлчөмү белгиленет. Мисалы, Россиянын муфтияты аны 60 миң рубль деп бекиткен.

Бактияр Токтогазиевдин айтымында, Борбордук Азия өлкөлөрүнө тиешелүү мазхаб боюнча нике кыюу учурундагы белектин көлөмү 20 доллардан өйдө болушу шарт. Ал эми жогорку чеги чектелбейт.

«Пайгамбарыбыздын ошол кезде махрга берген белегинин наркын азыркы экивалент менен эсептесек 100 миң сомдон  ашат», — дейт ал.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>