Юристтин ордуна жасалма интеллект? КУУнун студенти «Мыйзамчы» укуктук жардамчысын кантип түздүКР Курулуш министрлиги көйгөйлүү курулуш компанияларына тышкы башкаруу киргизүүнү пландап жататБишкекте үч фонтан ачылып, муниципалдык кызматкерлер сыйланды — сүрөтЭрназар Акматалиев Астанадагы дүйнө чемпионатында күмүш байгеге ээ болду1-ноябрь: Кыргызстанда күн жылуу болот, абанын температурасы +21° чейин көтөрүлөтБишкектеги Миңжылкыев көчөсү транспорт кыймылы үчүн ачылды
Камакта отурган жаранга чач алгычтын ичине “белек” катып берүүгө аракеттенген жигит кармалды
17.01.2025 | 18:41
Бишкектеги №1 тергөө абагына тыюу салынган буюмду өткөрүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, 17-январда буюмдарды кабыл алуу-берүү пунктунда 24 жаштагы жигит (С.И.) камакта отурган жаранга ичинде “акылдуу саат” катылган чач алгычты берүүгө аракет кылган. Мекеменин кызматкерлери чач алгычты ачып көрүп, “акылдуу саатты” тапкан.
Ага карата Укук бузуулар кодексинин 446-беренеси менен протокол түзүлгөн. Бул берене боюнча 17,5 миң сом айып жазасы каралган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом