Камактан комага түшкөн Марат Казакпаев каза болду

Камактан комага түшкөн Марат Казакпаев каза болду

Камактан ооруканага которулган саясат талдоочу Марат Казакпаев каза болду. Бул маалыматты анын жактоочусу Икрамидин Айткулов тастыктады.

Анын айтымында, М.Казакпаев оор абалда ооруканага түшкөн болчу.

Буга чейин УКМК Марат Казакпаевдин ден соолугу боюнча билдирүү таратып, анда Марат  Казакпаев 2021-жылдын 14-апрелинен тартып Кылмыш-жаза кодексинин 307-берененин 1-бөлүгү (Мамлекеттик чыккынчылык кылуу) боюнча камакта жатканы айтылган. Анын кылмыш иши 2022-жылдын 9-мартынан бүгүнкү күнгө чейин Биринчи Май райондук сотунда каралып жаткан.

М.С. Казакпаев ТКЖга жайгаштырылгандан тартып УКМК  аскердик медициналык кызматынын дарыгерлери тарабынан үзгүлтүксүз текшерүүдөн өтүп, тиешелүү дарылоодон өткөрүлүп турган.

19-апрель күнү көзүнүн көрүүсүнүн начарлашы боюнча арызынан улам врач окулисттин кароосунан өтүп, оң көздү УЗИден текшерүү сунушталып, жыйынтыгында “Оң көздүн жарым-жартылай гемофтальмиясы, эки көзүнүн жогорку миопиясы” деген диагноз коюлган.

25-май күнү Марат Казакпаев М.Миррахимов атындагы кардиологиялык борбордун шартында комплекстүү текшерүүдөн, врачтардын кеңешинен өтүп, андан кийин дары-дармектер белгиленген.

Ал эми Акыйкатчы институтунун кызматкерлери М.Казакпаев жаткан №1 шаардык ооруканага барып, абалы менен таанышып, дарыгери жана туугандары менен сүйлөшүп, маалымат алышкан.

Дарыгер Т.Кыдыровдун айтуусунда Казакпаев тез жардам бригадасы менен 9-июнда саат 9:00 чамасында комага келип түшкөн.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>