Камчы Көлбаевдин унаалары үчүнчү жолу аукционго коюлду. Баасы

Камчы Көлбаевдин унаалары үчүнчү жолу аукционго коюлду. Баасы

2023-жылдын октябрь айында жок кылынган мыйзамдагы ууру Камчы Асанбектин (Көлбаевдин) кымбат баалуу унаалары кайрадан аукционго коюлду. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти.

Ошентип, 2024-жылдын 11-январына белгиленген автотранспортторду сатуу боюнча аукцион арыздардын жоктугунан өткөн жок. Буга байланыштуу унаалар үчүнчү жолу катары менен аукционго коюлуп, маалымат аталган ведомствонун сайтында жарыяланды.

Белгилей кетсек, буга чейин  Камчы Көлбаевдин конфискацияланган мүлкүнүн ичинен 6 автоунаасы аукционго сатыкка коюлган. Бул жолу 4 унаасы гана сатыкка чыгарылды.

Аукционго коюлган унаалар:

1) BMW ALPINA XB7, 2021-жылы чыккан, кузов №WAPBG0700NPM50140

— Баштапкы баасы — 18 млн сом

2) HYUNDAI GENESIS, 2019-жылы чыккан, кузов №KMHG141DDKU068624

— Баштапкы баасы — 2 млн 800 миң сом

3) MERCEDEC-BENZ G500, 2013-жылы чыккан, кузов №WDB4632361X20525

— Баштапкы баасы — 5 млн 400 миң сом

4) TOYOTA LAND CRUISER PRADO, 2005-жылы чыккан, кузов №JTEBZ29JB00060139

— Баштапкы баасы – 1 млн 250 миң сом.

Эң кымбаты 25,5 млн сом. Камчы Көлбаевдин 6 унаасы сатыкка коюлду

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>