УКМК маркум кримтөбөл Көлбаевдин канча байлыгы болгонун айтты (видео)

УКМК маркум кримтөбөл Көлбаевдин канча байлыгы болгонун айтты (видео)

Камчы Көлбаевге (Асанбек) жана анын уюшкан кылмыштуу тобуна тиешелүү мүлктөр мамлекетке жана өз ээлерине кайтарылат. Бул тууралуу УКМК маалымдады.

УКМКнын маалыматы боюнча, Көлбаев 2008-жылы «мыйзамдагы ууру» аталгандан тарта өзүнүн “кылмыштуу империясын” түзө баштаган. Жылдан-жылга анын таасиринин артышы менен байлыгы да көбөйгөн. Ал ишкерлерден акча опузалооо, рейдерчилик жолу менен көптөгөн мүлккө ээ болгон.

Алдын ала эсеп боюнча, ал ээлик кылган активдердин наркы 1 млрд долларга жетет. Азыр ал активдер камакка алынган.

УКМК билдиргендей, кримтөбөл жана анын жакындарынын 850дөн ашык кыймылсыз мүлкү — кымбат балуу үйлөр (особняк), коттедждер, элиталык клуб үйлөрү, курулуп жаткан имараттардагы көптөгөн батирлер, эс алуу борборлору, пансионаттар, ресторандар, жер тилкелери, ат сарайлар, аңчылык жерлери бар. Андан тышкары, 60тан ашык кымбат баалуу люкс үлгүсүндөгү жана  брондолгондор унааларга ээ.

УКМК кылмыш жолу менен алынган мүлктөрдү мамлекеттик кирешеге айлантуу ишин баштады. Маалыматка караганда, кримтөбөлгө тиешелүү айрым мүлктөр мамлекеттин карамагынан мыйзамсыз чыгарылган. Көлбаевдин мыйзамсыз жол менен тапкан байлыгы (анын ичинде мурда мамлекеттин карамагында болгон мүлк) мамлекеттин эсебине жана бизнесин, мүлкүн тарттырып жиберген адамдарга кайтарылат.

Маселен курулуп жаткан эки имаратта эле анын 700 батири бар болгон. Учурда ал батирлер мамлекеттин карамагына өткөрүлгөнү жатат.

Коопсуздук кызматы Камчы Көлбаевдин чет өлкөдөгү мүлкүн, Россия, Казакстан, Грузия, Түркия, Дубай жана Япониядан издөөдө.

Учурда УКМК Көлбаевдин тобуна кирген 40тан ашык адамды кармады.

Эскерте кетсек, 4-октябрда Кыргызстанда УКМК кримтөбөл Камчы Көлбаевди кармоо жүргүзүп, операция учурунда Көлбаев жок кылынганы кабарланган. УКМКнын маалыматы боюнча, кармоо учурунда Көлбаев атайын багыттагы кызматкерлерге куралдуу каршылык көрсөтүп, ага жооптуу ок атылганда, кримтөбөл жараат алып, окуя жеринде көз жумган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>