Камчыбек Ташиев инисинин депутаттык мандаты боюнча үн катты

Камчыбек Ташиев инисинин депутаттык мандаты боюнча үн катты

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Улуттук коопсуздук мамлекттик комитетинин төрагасы  Камчыбек Ташиев иниси Шайырбек Ташиевдин мандаты боюнча журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, калган маселени депутаттар чечээрин жар салды.

«Мен өзүмдүн оюмду айттым. Анын шайлоочуларынын, фракциянын чечимдерине кийлигише элекмин. Иним менен сүйлөшкөнгө колум тийе элек»— деди.

Буга чейин Камчыбек Ташиев бир тууган иниси Жогорку Кеңештин депутаты Шайырбек Ташиевди “бир үйдө, бир эле саясатчы болсун” – деп иним менен сүйлөштүк шаршемби күнкү пармаленттик жыйында мандатын тапшырат деген. Андан соң “Ата-Журт-Кыргызстан” фракциясы карап, так жооп айта албай Жогорку Кеңештин спикери Талант Мамытовго маселени карап берүү үчүн сунуш берген болчу.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>