Бишкекте скульптор Виктор Шестопалдын юбилейлик көргөзмөсү өтөтЧет өлкөлүк капиталы бар ишканалар 2025-жылы 109 млрд сом пайда таптыНарын дарыясында мыйзамсыз балык уулаган жарандарга айып пул салындыЧет өлкөлүк капиталы бар ишканаларда орточо айлык акы 61,9 миң сомду түздүКыргызстанда сотко кайрылуудан мурда медиатор менен милдеттүү жолугушуу киргизилетКыргызстандыктар Беларуста 30 күн каттоосуз жүрө алышат
ӨКМ: Өткөн суткада сегиз унаа күйүп кетти
31.01.2022 | 16:39
Кечээ, 30-январда Кыргызстанда сегиз унаа өрттөнүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жабыркагандар жок.
Басма сөз кызматы унаа 4-6 мүнөттө толугу менен күйүп кетээрин, андыктан тутанган унааны тез арада өчүрүү керектигин эскертет. Күйүп жаткан унаадан коопсуз аралык 10 – 15 метр.
Маалым болгондой, өрттүн келип чыгуу себептери электр зымдарынын бузулушу, күйүүчү май системасынын басымынын төмөндөшү, айрым тетиктердин жогорку температурасы, унаада тамеки чегүү, кооптуу жүктөрдү туура эмес ташуу, унаалардын кагылышы жана өрттөө болушу мүмкүн.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом