Ташиев Кеминдеги көчөт тигүүгө жана ишембиликке катышты (сүрөт)

Ташиев Кеминдеги көчөт тигүүгө жана ишембиликке катышты (сүрөт)

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Чүй облусунун Кемин районундагы ишембиликке жана көчөт отургузууга катышты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн, 15-апрелде Чүй облусунун Жаңы-Жол айылында генерал-лейтенант  Анарбек Бакаев атындагы сейил багында УКМКнын аскер кызматкерлеринин катышуусунда 300 түп көчөт отургузулуп, андан соң ишембилик өткөрүлгөн.

Иш-чарага УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, Анарбек Бакаевдин жубайы, жакын туугандары жана айыл тургундары катышкан.

«Акциянын максаты — жергиликтүү тургундардын экологиялык жоопкерчилигин жогорулатуу жана паркта жагымдуу микроклиматты түзүү болуп саналат. Өз кезегинде УКМК төрагасы бак-дарактарды отургузуу калктуу конуштарды өнүктүрүүгө жана  келечектеги урпактарга эң жакшы мурас калтырууга себеп болорун белгиледи.

Аны менен катар Ташиев паркка ысымы ыйгарылган генерал-лейтенант Анарбек Бакаев эгемендүү Кыргызстандын улуттук коопсуздук органдарынын түптөлүшүнө зор салым кошконун, элдин кызыкчылыгы үчүн жан аябаган жалындуу патриот катары элдин эсинде сакталып кала берерин кошумчалады», — деп айтылат маалыматта.

Өз кезегинде Жаңы-Жол айылынын тургундары жана Анарбек Бакаевдин үй-бүлө мүчөлөрү бир канча жылдан бери пландалып, бирок ишке ашпай келе жаткан сейил бакты көрктөндүрүү иштерин көзөмөлгө алып, колдоо көрсөткөндүгү үчүн Камчыбек Ташиевке ыраазычылык билдирген.

Белгилей кетсек, аталган саамалык президент Садыр Жапаров демилгелеген «Жашыл мурас» улуттук долбоорунун алкагында уюштурулган. УКМК төрагасынын айтымында көчөт тигүү иштери өлкөнүн башка аймактарында дагы улантылат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>