Ошто орто кылымга таандык кумура табылды (видео)

Ошто орто кылымга таандык кумура табылды (видео)

Ош облусунун Озгур айылынын тургуну Медербек Аккулов Даңги суусунун жээгинен орто кылымга таандык кумура таап алды. Бул тууралуу «Сулайман-Тоо» музей комплексинен билдиришти.

Маалыматка караганда, мындан бир жума мурда Медербек Аккулов мал айдап бара жатып, жер астынан чыгып турган кумураны көрүп калган. Жааган жамгырдан улам жер бир аз сүрүлүп, кумура көрүнгөндүктөн,  өз алдынча казып көргөн.

14-апрелде «Сулайман-Тоо» музейинин директорунун милдетин аткаруучу Хайрулло Ибайдуллаев, ОшМУнун Кыргызстан тарыхы жана археология, этнология кафедрасынын башчысы Талант Шаанов, Тавакал Усмановдор жерине барып, кумураны көрүп келишкен.

Кумураны музейге алып келүү пландалган.

«Хумдун (кумура) бийиктиги 1,20-1,30 метр, диаметри 80-85 см. Хумдун сырты тегиз жасалган эмес. Айланасынан да кумуранын калдыктары чыккандыктан, ал жер устакана болушу мүмкүн деп болжолдонууда. Ошондой эле мындай хумдарга дан сакталган», — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>