Президент Азия чемпионатында байге алган балбандарды куттуктады

Президент Азия чемпионатында байге алган балбандарды куттуктады

Президент Садыр Жапаров «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу Астанадагы Азия чемпионатында эркин күрөш боюнча байгелүү орундарды алган балбандарды куттуктады.

Жапаров спортчулар жакшы жыйынтык көрсөткөнүн белгилеп, аларга жана машыктыруучуларга ыраазычылык билдирген.

«Жумашбек уулу Тайырбек Азия чемпиону болуп, Алмаз Сманбеков экинчи орунду алып, Орозобек Токтомамбетов менен Улукбек Жолдошбеков коло медаль жеңип алып, күйөрмандарын дагы бир жолу кубандырышты.

Бул азаматтарыбыз келечекте дагы көптөгөн жеңиштерге жетерине ишеничтер чоң. Балбандарыбызды, Азия чемпионатында мыкты көрсөткүчкө жетишкен жалпы курама команданы дагы бир жолу куттуктап, машыктыруучуларга ыраазычылык билдирем.

Алдыда сиздерди күтүп турган ири мелдештерде, анын ичинде Париж-2024 олимпиадага даярдыктарда ийгиликтерди каалайм», — деп жазды ал.

Эркин күрөш: Балбандар Азия чемпионатында 4 медаль утту

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>