“Канадага виза даярдап берем”- деп алдаган чет элдик жаран кармалды

“Канадага виза даярдап берем”- деп алдаган чет элдик жаран кармалды

Бишкек шаарында  алдамчылыкка шектелип чет элдик жаран кармалды. Бул туурасында  Свердлов райондук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, пакистандык жаран милицияга кайрылып, 2021-жылдын 5-ноябрь күнү  Тойиб аттуу таанышы “Канадага виза даярдап берем”- деп андан 9500 доллар алып, кийинчерээк ал убадасын аткарбастан андан кача баштаган.

Аталган факты Жазык кодексинин 209-беренеси («Алдамчылык») менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Милиция кызматкерлери тарабынан шектүү катары 33 жаштагы К.А. аттуу Пакистандын жараны кармалды . Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Кармалган адамдын башка кылмыштарга тиешеси бар деп эсептейт. Буга байланыштуу укук коргоо органдары шектүүнүн аракеттеринен жапа чеккен же кандайдыр бир маалыматы бар бардык жарандарды 0 (553) 102-387, 0 (500) 06-00-02 жана 102 телефондоруна билдирүүнү өтүнөт.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>