Чек араны кесип өткөн өзбек жаранын ким сабаган? Расмий жооп

Чек араны кесип өткөн өзбек жаранын ким сабаган? Расмий жооп

Ош облусунун Араван районундагы Тѳѳ-Моюн айылында кармалган чет ѳлкѳлүк жаранды эч ким урган эмес. Бул туурасында Ош облустук милициядан билдирди.

Маалыматка караганда, 3-январь күнү саат 02:40 чамасында Кыргызстандын чек ара кызматы кайтарган тилкеден Өзбекстан тараптан белгисиз үч жаран Кыргызстандын чек арасын көздөй келе жатышканын байкаган. Алардын мыйзамсыз иш аракетине тоскоолдук болуу үчүн “токтоо” деп эскертүү бергенде, 3 киши кача баштаган. Чек ара кызматкери бирөөсүнүн артынан кубалап жѳнѳгѳн,чегараны мыйзамсыз өтүп бараткан белгисиз жаран качып баратып жардан секирип жыгылып түшкөн, аны кармаганда бети-башы кан болуп денесинен жарат алганы, кармалгандыгы жөнүндө акт түзүлгөнү аныкталган. Бул окуя болгон жерден анча алыс эмес жерде жергиликтүү тургандар менен милиция кызматкерлери биргеликте уюштурган түнкү күзѳттѳ тургандар  чегарачыларга жардамга келишкен. Ал учурда калган эки шериги кайра Ѳзбекстан тарапка кирип кетүүгѳ үлгүрүшкѳн.

Кармалган коңшу өлкөнүн жаранынын жанында өздүгүн аныктоочу документи болгон эмес. Ѳздүгүн аныктоодо, ал Өзбек Республикасынын Фергана облусунун тургуну 38 жаштагы И.У экендиги аныкталган.

И.Унун денесинен алган жарааты эмненин негизинде пайда болгонун жана оордук денгээлин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертизасы дайындалган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>