Мэр каза тапкан «Тазалык» кызматкерине 50 миң сом жардам берди

Мэр каза тапкан «Тазалык» кызматкерине 50 миң сом жардам берди

“Тазалык” ишканасынын  кызматкеринин каза тапкан соңку кайгылуу окуяга байланыштуу болгон жерге шаардын мэри Айбек Жунушалиев өзү барган. Бул туурасында “Тазалык” ишканасынан билдиришти.

Маалыматка караганда, шаар башчысы дем алыш күндөрү тазалыкчылардын борбордук көчөлөргө кирүүсүнө убактылуу чектөө киргизүүнү жана көчөлөрдү тазалоодо атайын техниканы максималдуу түрдө колдонууну тапшырды. Мындан тышкары, шаар мэриясына көчөлөрдү тазалоодо чагылтуу элементтери бар көчмө жол белгилерин (конустар, установкалар ж.б.) колдонуу тапшырмасы берилди.

Ошондой эле маркумдун үй-бүлөсүнө резервдик фонддон 50 миң сом бөлүп, борбордук көчөлөрдө жумушчулардын ишин камсыз кылуу жана минималдаштыруу максатында сунуш киргизүү тапшырылды.

Каргаша таңкы саат 8де болгондугу аныкталган. «Тазалыктын» каза болгон кызматкери иш үстүндө болгон. Ал унаа айдоочусуна чагыла турган атайын формасын кийип жүргөн.  Алдын ала маалыматтарга караганда, оң рулдуу унаанын айдоочусу ашып бара жатып жолдон адамды көргөн эмес. Натыйжада сүзүп алган.

Буга чейин, тактап айтканда, 2021-жылдын декабрь айында “Тазалык” ишканасынын 2 кызматкери жол кырсыгынан көз жумган болчу. Экөөндө тең айдоочулардын шалаакылык мамилесинен улам болгону аныкталган.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>