КРда уюлдук телефондор менен түз спутниктик байланышка тыюу салуу каралууда — долбоор

17.09.2026 | 16:14
КРда уюлдук телефондор менен түз спутниктик байланышка тыюу салуу каралууда — долбоор — Новости Кыргызстана

Кыргызстанда телекоммуникация операторлорун, анын ичинде геостационардык эмес спутник системалары (NGSO) аркылуу кызмат көрсөткөн компанияларды лицензиялоонун жаңы эрежелерин бекитүү сунушталууда. Министрлер кабинетинин токтом долбоорунда радиожыштык спектрин пайдалануу укугуна тооруктарды (аукциондорду) өткөрүүнүн жаңы тартиби да каралган.

Жобонун долбооруна ылайык, телекоммуникация операторлору жана радиожыштык спектрин колдонгон жактар тиешелүү лицензия же уруксат кагазын алууга милдеттүү болушат. Өзгөчөлүк катары, атап айтканда, сырткы антенналарды колдонбостон Кыргызстандын бүтүндөй аймагында Wi-Fi тармагын орнотууга, ошондой эле чакан кубаттуулуктагы айрым радиоэлектрондук түзүлмөлөргө уруксат берилет.

Лицензияларды жана уруксаттарды санариптик реестрлерге каттоого алуу пландалууда.

Бул үчүн үч база каралган:
• телекоммуникация операторлорунун лицензиялар реестри;
• радиожыштык реестри;
• номерлөө реестри.

Алардагы жазуулар жалпыга жеткиликтүү болот жана тиешелүү укуктардын келип чыгышына, өзгөрүшүнө же токтотулушуна негиз болуп саналат.

Долбоордун өзүнчө бир бөлүмү геостационардык эмес спутник системаларынын ишине арналган. Мындай системалар үчүн радиожыштыкты же радиожыштык тилкелерин пайдалануу укугун узартуу мүмкүнчүлүгү менен 2 жылдан ашпаган мөөнөткө берүү сунушталууда.

Спутниктик байланыш операторлору үчүн бир катар талаптар белгиленет. Атап айтканда, алар колдонуучулардын терминалдарын идентификациялоо мүмкүнчүлүгүн жана интернетке катталган спутник терминалдары аркылуу гана кирүүнү камсыз кылууга тийиш.

Ошондой эле Кыргызстандын аймагында жердеги станцияларды (Gateway) орнотуу же мындай станцияга түз туташкан жергиликтүү телекоммуникация оператору аркылуу улуттук коопсуздук органдарына маалымат берүү талабы каралган.

Мында долбоор сертификатталган спутник терминалы жок учурда Direct-to-Cell, Direct-to-Device жана Satellite-to-Mobile технологиялары боюнча спутниктин кадимки мобилдик түзүлүштөр менен түз байланышы аркылуу кызмат көрсөтүүгө тыюу салат.

Ошондой эле спутник терминалын колдонбостон уюлдук телефондорго үн байланышын, SMS/MMS жана мобилдик интернеттик маалыматтарды түз берүүгө да тыюу салуу сунушталууда.

Мындан тышкары, NGSO операторлору ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү жана СОРМго кошулуу боюнча мыйзамдардын талаптарын аткарууга, байланыш операторлорунун тармактарын жана эл аралык коммутация борборлорун кыйгап өтүп, трафикти чек ара аркылуу көзөмөлсүз өткөрүүгө жол бербөөгө, ошондой эле иштеп жаткан жер үстүндөгү байланыш тармактарына радио тоскоолдуктарды жаратпоого милдеттүү болот.

Кадимки телекоммуникация операторлору үчүн да долбоордо бир катар милдеттенмелер каралган. Алардын арасында — колдонуучуларды идентификациялоо, шашылыш кызматтарга акысыз жеткиликтүүлүктү камсыздоо, күнү-түнү техникалык колдоо көрсөтүү, кат алышуунун жана сүйлөшүүлөрдүн сырын (купуялуулугун) сактоо, сертификатталган жабдууларды колдонуу жана мыйзамда каралган учурларда мамлекеттик органдар менен кызматташуу бар.

Телекоммуникация операторунун ишмердүүлүгүнө лицензияларды мөөнөтсүз берүү сунушталууда. Алар кагаз жүзүндө да, санариптик форматта да таризделе алат жана эки вариант тең бирдей юридикалык күчкө ээ болот.

Радиожыштыктарды пайдаланууга уруксаттарды узартуу мүмкүнчүлүгү менен беш жылдан кем эмес мөөнөткө берүү каралууда. Радиожыштыктарды жалпы ыйгаруу боюнча чечим 10 жумушчу күндүн ичинде, ал эми жекече ыйгаруу боюнча 90 календардык күндөн ашпаган мөөнөттө кабыл алынышы керек.

Долбоор калктуу конуштардын административдик чек аралары өзгөргөн учурда операторлор үчүн 12 айлык өткөөл мезгилди да сунуштайт. Бул убакыттын ичинде алар уруксат кагаздарын жана байланыш тармактарынын параметрлерин жаңы чек араларга ылайык келтире алышат. Бул мөөнөт аяктаганга чейин, эгер иш мурда берилген уруксаттардын негизинде жүргүзүлсө, жаңы чек араларга кирген аймактарда радиожыштыктарды колдонгондугу үчүн алар жоопкерчиликке тартылбайт.

Лицензиялык көзөмөлдү текшерүүлөр түрүндө жүргүзүү сунушталууда. Тийиштүү лицензиясы жок же лицензиялык талаптарды бузуу менен иштөө КР Кылмыш-жаза кодексинде же Укук бузуулар жөнүндө кодексте каралган жоопкерчиликке алып келет. Милдеттүү лицензиясы жок жүргүзүлгөн иштен түшкөн киреше бюджеттин пайдасына алынууга тийиш.

Токтом кабыл алынган учурда лицензиялоо жана радиожыштык спектрин пайдалануу жаатындагы өкмөттүн жана министрлер кабинетинин колдонуудагы бир катар чечимдери өз күчүн жоготот. Токтом өзү расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Анара Мамытова

Scroll to Top