«Бишкекгаз» Ленинское айылында 30-сентябрдан 2-октябрга чейин газ берүүнү токтототКыргызстанда санариптик далилдерди мыйзамдаштырып, виртуалдык активдерге камак салуу сунушталуудаБишкекте үй-тиричилик товарларын жана техникаларын чыгарган өндүрүштүк аянтча ачылдыКыргызстанда кайсы өсүмдүктөрдү жыйноого, колдонууга жана сатууга болбойтБишкектеги Г. Айтиев атындагы музейде байыркы кол жазмалар тууралуу лекция өтөтКыргызстанда 1 млрд долларлык фармацевтикалык индустриалдык парк курулат
Каныбек Осмоналиев Мамлекеттик тил комиссиянын төрагасы болду
12.05.2022 | 15:54
Каныбек Осмоналиев Президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Каныбек Осмоналиев Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы болуп дайындалса, башка жарлык менен Сыртбай Мусаев ээлеген кызматынан берген арызына ылайык бошотулду.
Жаңы төраганы Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Улуттук комиссиянын жамаатына 12-майда тааныштырды.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом