Капчыгайлар, токойлор, булактар: Ысык-Көл өрөөнүндө эмнелерди көрсө болот?

Кыргызстанда туристтик сезон кызуу жүрүп, Ысык-Көлгө миңдеген саякатчы келүүдө. Алардын көбү убактысын кыргыз берметинин жээгинде өткөргөнү менен, көлдүн айланасында да сөзсүз көрө турган кооз жерлер арбын. Reporter.kg бир күндүн ичинде барып келүүгө ыңгайлуу, кайра көл жээгиндеги эс алууну улантууга мүмкүн болгон кызыктуу жана сүрөткө тартууга ылайыктуу жайлардын тизмесин даярдады.
«Жомок» капчыгайы жана жанар тоо
Ысык-Көлдүн айланасында кызыл жана сары түстөгү кум, акиташ, гипс жана чоподон жаралган өзгөчө капчыгайлар жайгашкан. Окумуштуулардын айтымында, мындан 20 миллиондон ашык жыл мурда бул аймакта Тетис аттуу ири океан болгон. Кийин тектоникалык плиталардын жылышынан улам ал жок болуп кеткен. Азыркы Ысык-Көл ошол океандын калдыгы болуп эсептелет. Капчыгайларда бүгүнкү күнгө чейин ошол океандын тургундарынын ташка айланган калдыктарын көрүүгө болот. Капчыгайлардын келип чыгышы бир болгону менен, алардын көрүнүшү бири-биринен айырмаланат.
Эгер өзүңүздү АКШдагы Гранд-Каньондо жүргөндөй сезгиңиз келсе, Ысык-Көлдүн батыш тарабындагы Конорчак жана Көк-Мойнок капчыгайларына барууну сунуштайбыз. Аларга Боом капчыгайы аркылуу жетүүгө болот. Бул жерде бийиктиги 400 метрге жеткен чопо дубалдар, өзгөчө формадагы таштар жана болжол менен 3 миллион жыл мурда өчкөн Сегизхан-Шокны жанар тоосунун калдыктары жайгашкан.

Ал эми көлдүн түштүк жээгиндеги «Жомок» жана Ак-Сай (ошондой эле «Марс» же «Унутулган дарыялар өрөөнү» деп аталат) капчыгайлары фантастикалык тасмалардын жасалгасын элестетет.
«Марс» капчыгайында кең мейкиндик, түрдүү өсүмдүктөр жана кызыл-күрөң түстөгү учтуу аскалар басымдуулук кылат. Ал эми «Жомок» капчыгайы ачык түстөрү жана миңдеген жылдар бою шамал менен суунун таасиринен жаралган өзгөчө формалардагы жылма лабиринттери менен өзгөчөлөнөт.

Бүгүнкү күндө капчыгайларды гиддердин коштоосунда же туроператорлор аркылуу кыдырууга болот. Каалоочулар өз алдынча да барса болот. Бирок туристтердин көбөйүшүнө жана уникалдуу жаратылыш ландшафтынын жабыркашына байланыштуу Кыргызстанда жакынкы келечекте атайын туристтик маршруттарды киргизүү пландалууда. Анда белгиленген маршруттан чыгууга уруксат берилбейт.
Эстен чыгарбай турган маанилүү маалымат: Жаан-чачындуу күндөрү капчыгайларга барбаңыз. Мындай учурда анда жүрүү кооптуу болуп, сел жүрүү коркунучу жаралат. Мындан тышкары, капчыгайларга баруучу жолдордун баары эле асфальтталган эмес. Ошондуктан унааңыз жолдо ылайга тыгылып калышы мүмкүн.
Карагай токойлору, шаркыратмалар жана «жандуу» суу
Эгер токойлор, тоолор жана жайлоолор аркылуу өткөн треккинг маршруттары менен сейилдөөнү кааласаңыз, көлдүн айланасындагы капчыгайларга барыңыз. Көлдүн түндүк жээгиндеги эң белгилүү жайлардын бири — Семёнов капчыгайы (Кырчын). Кырчын жайлоосунда көп жылдан бери театрлаштырылган көрсөтүүлөр уюштурулуп, улуттук каада-салттар, кол өнөрчүлүк, улуттук спорт оюндары жана музыкалык фестивалдар көрсөтүлүп келет. Бул жерде өткөн эң ири иш-чара Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары.

Капчыгайдын аймагында ийне жалбырактуу токойлор, альп шалбаалары жана деңиз деңгээлинен 2600 метр бийиктикте жайгашкан Сүттүү-Булак көлү бар.
Дагы бир кооз жай Григорьев капчыгайы (Чоң-Ак-Суу). Бул жерде ушул эле аталыштагы дарыя, кылымдык токойлор, альп шалбаалары жана Төмөнкү, Ортоңку жана Жогорку көлдөр жайгашкан.
Көлдүн түштүк жээгине барганда Барскоон капчыгайына сөзсүз кайрылыңыз! Бул жерде беш кереметтүү шаркыратма: «Манастын чөйчөгү», «Илбирстин көз жашы», «Шампан чачырандысы», «Кең» жана «Аскалуу» шаркыратмалары жайгашкан. Аларга жөө барып суктансаңыз болот, же болбосо чыныгы көчмөн саякатчыдай ат минип, тоо арасын кыдыруу да өзгөчө таасир калтырат Аларга жөө да, ат менен да жетүүгө болот.

Жапайы жаратылыштагы айбанаттарды жана куштарды көргүңүз келсе — Жууку капчыгайына сапар алыңыз. Ал жерден кекилик, кыргоол, элик, суусар, аркар жана ал тургай илбирсти да жолуктурууга болот.

Ал эми кооз капчыгайды көрүп, андан соң жай отуруп эс алууну каалагандарга Жети-Өгүз капчыгайы таптаза ылайык келет. Анын атактуу «Жети-Өгүз» аталышындагы жети кызыл аскасы бар. Капчыгайдын жанында минералдык курамы уникалдуу болгон ысык термалдык булактуу курорт да иштейт.

Ысык-Көлдүн айланасында жалпысынан радондуу, күкүрттүү жана кремнийлүү жыйырмадан ашык термалдык булак бар. Түндүк жээкте «Ак-Бермет» же «Термал», ал эми түштүк жээкте «Жыргалаң» жана Алтын-Арашан коругундагы курорттук комплекс туристтер арасында белгилүү.
Түштүк жээкке жакын жерде Туз-Көл же Жансыз-Көл (Мертвое озеро) жайгашкан. Суунун туздуулугу өтө жогору болгондуктан, анда чөгүп кетүү дээрлик мүмкүн эмес. Көлдүн түбүндө кара, көк жана жашыл түстөгү дары ылайлары бар. Бул жерге Кыргызстан жана КМШ өлкөлөрүнөн көптөгөн туристтер келишет. Минералдык булактар менен дарылык ылайлар нерв системасына, репродуктивдик ден соолукка, таяныч-кыймыл аппаратына жана теринин абалына оң таасир этери айтылат.

Эстен чыгарбай турган маанилүү маалымат: Көлдөргө же минералдык булактарга бара турган болсоңуз, сүлгү, сууга түшүүчү кийим жана кошумча бут кийим ала жүрүңүз. Эгер Туз-Көлгө бара турган болсоңуз, денеңиздеги туз менен ылайды жууп салуу үчүн таза суу да ала барыңыз. Ал жерде агын суусу бар душтар жок.
Лаванда фермасы жана лаванда талаасы
Ысык-Көлдө Борбор Азиядагы алгачкы лаванда фермасы JANNAT GARDEN жайгашкан. Көл жээгиндеги бул «Бейиш багы» түндүк тараптагы Тору-Айгыр менен Чырпыкты айылдарынын ортосунда орун алган. Кыргызстанда сейрек кездешүүчү жана «парфюмериянын көк алтыны» деп аталган лаванда бул жерде жайдын ортосунда гана гүлдөйт. Андан тышкары, фермада май-июнь айларында гүлдөөчү дамаск розасы да өстүрүлөт.

Жүздөгөн туристтер бул жерге кооз сүрөттөрдү тартуу жана экологиялык таза сувенирлерди сатып алуу үчүн келишет. Чакан дүкөндөн табигый чийки заттан жасалган самын, эфир майы, косметика, жыпар жыттуу баштыкчалар, чай, зер буюмдар жана лаванда сүрөтү түшүрүлгөн керамикалык буюмдарды сатып алууга болот. Алардын бир бөлүгү ушул фермада өстүрүлгөн өсүмдүктөрдөн даярдалат.
Эстен чыгарбай турган маанилүү маалымат: 2026-жылдын жазында бул ферма Асман шаарын куруу долбооруна байланыштуу буздурулушу мүмкүн экени белгилүү болгон.
Эмнелерди алуу керек?
Ысык-Көлдүн кооз жерлерине бара жатканда ыңгайлуу кийим жана бут кийим кийиңиз.
Жаныңызда төмөнкүлөр болушу керек:
- ар бир адамга кеминде 1 литр суу жана жеңил тамак-аш. Капчыгайларда жана башка жайларда дүкөндөр аз;
- паспорт же анын «Түндүк» тиркемесиндеги электрондук версиясы. Айрым капчыгайларга кирүүдө документ талап кылынышы мүмкүн;
- толук кубатталган телефон жана powerbank;
- баш кийим жана күндөн коргоочу крем;
- чакан дары кутусу;
- таштанды салуучу баштык. Учурда Жаратылыш ресурстары министрлигинин дрондору жаратылыш аймактарындагы туристтерди көзөмөлдөп жатат. Ошондуктан таштандыңызды өзүңүз менен алып чыгып, атайын таштанды салынуучу жайга чейин жеткирүүгө тийишсиз. Кыргызстанда таштандыны атайын эмес жерге таштагандыгы үчүн 23 миң сомго чейин айып пул каралган;
- ар бир адамга 5–10 миң сом өлчөмүндө накталай акча. Туристтик жайлардын баарында эле интернет жакшы иштей бербейт. Накталай акча ат же эшек менен сейилдөө, сувенир сатып алуу, даараткана кызматын пайдалануу же экологиялык төлөмдөрдү төлөө үчүн керек болушу мүмкүн.
Елена Короткова