Эсептөө палатасы “Кыргызнефтегаздан” дээрлик 1 млрд сомдук мыйзам бузууларды аныктады

Эсептөө палатасы 2025-жылга карата жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча «Кыргызнефтегаз» ААКтын ишмердүүлүгүндө 967 миллион 824,3 миң сомдук каржылык бузууларды жана кемчиликтерди аныктады. Бул тууралуу текшерүүнүн жыйынтыгы каралган Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги жыйынында белгилүү болду.
Мекеменин маалыматы боюнча, аудиттин жүрүшүндө аныкталган каржылык бузуулардын жана олуттуу кемчиликтердин жалпы суммасы 967 миллион 824,3 миң сомду түзгөн.
Бул сумманын ичинен 135 миллион 888,7 миң сому мамлекетке милдеттүү түрдө кайтарылууга тийиш. Ошол эле учурда, аудиттин жүрүшүндө жерлерди рекультивациялоодо ченемдик укуктук актыларды бузуунун натыйжасында келип чыккан 8 миллион 904,9 миң сом иш жүзүндө калыбына келтирилди.
Эсептөө палатасы белгилегендей, «Кыргызнефтегаз» ААК жана анын туунду компаниясы тарабынан зарыл болгон өндүрүштүк чаралардын өз убагында көрүлбөгөндүгүнөн улам, ишкана 494 миллион 958,7 миң сом өлчөмүндө кошумча киреше алуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарып жиберген. Мындан тышкары, аудит эмгек акы фондун бөлүштүрүүдө жана тариздөөдө 281 миллион 422 миң сом өлчөмүндө мыйзам бузууларды аныктады.
Ошондой эле, Эсептөө палатасынын маалыматы боюнча, кезектеги жана узак мөөнөттүү дебитордук карыздар менен тийиштүү деңгээлде иш алып барылбагандыктан, 120 миллион сомду өндүрүп алуу боюнча чаралар көрүлгөн эмес.

Дагы 53 миллион 954,9 миң сом нормадан ашыкча жана негизсиз чыгымдарга жумшалган. Капиталдык курулуш жүргүзүүдө 6 миллион 456,3 миң сомдук, ошондой эле мамлекеттик сатып алуулар тармагында 2 миллион 127,5 миң сомдук мыйзам бузуулар өзүнчө катталган.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Эсептөө палатасы «Кыргызнефтегаз» ААКтын жетекчилиги ички ресурстарды натыйжасыз пайдаланган жана каражаттарды үнөмдүү жумшоо принцибин бузган деген тыянакка келди.
Компаниянын жетекчилигинин дарегине аныкталган кемчиликтерди тез арада жоюу жана калган 126 миллион сомдон ашык каражатты коомдун кирешесине кайтаруу боюнча жазма буйруктар чыгарылды.
Аныкталган мыйзам бузууларга жана ири чыгымдарга укуктук баа берүү үчүн аудиттин материалдары укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилет.