«Манас» аэропортун реконструкциялоого 130 млн доллар сарпталатУКМК: Баткен облусунда Тажикстанга малды мыйзамсыз өткөрүү каналы аныкталдыКыргызстанда майыптыгы бар адамдарды жумушка алуудан баш тарткандар үчүн айып салуу сунушталууда — мыйзам долбоору2027-жылы Жогорку Кеңештин чыгымдары 216 млн сомго көбөйтүлөтКочкордон чыккан көмүр Бишкек ЖЭБине темир жол аркылуу биринчи жолу жеткирилдиБишкекте балдардын КРВИ оорусу боюнча телефон аркылуу кеңеш берүү кызматы ишке кирди — байланыш номурлары
Кара-Балтада курал-жарак катылган жай табылды
15.05.2026 | 16:26

Чүйдүн Кара-Балта шаарынын четинен курал-жарак жана ок-дарылар катылган жай аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Издөө иштеринин натыйжасында бир даана АК-74 автоматы, маркасы тактала элек төрт тапанча, Шпагиндин сигналдык тапанчасы, 7,62 мм калибрдеги ок-дарылар, жылмакай стволдуу куралга арналган октор жана калибри тактала элек башка ок-дарылар табылып алынган.
Атайын кызмат учурда аталган жайды уюштурууга тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча иш-чаралар улантылып жатканын билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар