Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев өнөктөштүктү бекемдөө боюнча жаңы кадамдарды белгилешти
Бүгүн, 15-майда Казакстандын Түркстан шаарында Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттеринин жолугушуусу болуп өттү. Мамлекет башчылары саясий диалогдун учурдагы деңгээлине жогору баа берип, ынак коңшулук жана өз ара сый-урмат принциптерине негизделген эки тараптуу мамилелердин динамикалуу өнүгүп жатканын баса белгилешти.
Лидерлердин көңүл борборунда соода-экономикалык, инвестициялык жана энергетикалык тармактардагы биргелешкен демилгелер турду. Тараптар транспорт жана логистика жаатындагы келечектүү долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле эки өлкө элдеринин ортосундагы маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүү маселелерине токтолушту.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары тереңдетүүгө даяр экендиктери тастыкталды. Президенттер бүтүндөй Борбордук Азия чөлкөмүндө туруктуулукту, коопсуздукту жана туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу үчүн биргелешкен күч-аракеттерди координациялоо ниетин билдиришти.