Депутат Алматыда кыргызстандык ишкерлерге полиция кысым көрсөтүп жатканын айтты

Депутат Алматыда кыргызстандык ишкерлерге полиция кысым көрсөтүп жатканын айтты

Казакстандагы «Алтын-Ордо» базарында ишкерлик кылган кыргызсандыктарга полиция тарабынан кысым болууда. Бул тууралуу депутат Жанар Акаев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Акаев былтыр Алматыда «Алтын-Ордо» базарынын аткаруучу директору Эрмек Маркабаев жалган-жалаа менен кармалганын айтып, эми аталган базарда иштегендерден Маркабаевге каршы жасалма көрсөтмө алуу үчүн кысым жасалып жатканын билдирди.

«Буга чейин кыргызстандык Эрмек Маркабаевге маңзат сала коюп, жалган-жалаа менен кармалган. Эми Алматыдагы күч органдары «ага (Маркабаевге — ред.) карата жалган көрсөтмө бер» деп биздин мекендештерибизди кыйнап жатыптыр. «50 миң доллардан ашык акчага сатып алган контейнерлерибизди, ичиндеги товарларды рейдерлик жол менен алып койду» деп жатышат», — дейт Акаев.

Сөзүн улай ал өкмөт башчы Акылбек Жапаров жакында эле Алматыга барганын, Казакстандын тышкы иштер министри Бишкекке келгенин айтып, бул сүйлөшүүлөрдө эмне маселелер чечилип жатканына кызыкты.

Андан тышкары, ал Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгү жана мамлекеттик номери менен жүргөн унааларды текшерүү токтобой жатканын айтты.

«Айдоочулук күбөлүктөрдү, кыргызстандык номери бар унааларды текшерип жатышат. Биз бир биримдикте эмеспизби. Боордош, коңшу Казакстан менен сүйлөшүүлөр эмне үчүн натыйжа бербей жатат?», — деп собол салды депутат.

Сөз аягында ал аталган маселелер боюнча Тышкы иштер министрлиги ыкчам чара көрүшү керектигин белгиледи.

Эскерте кетсек, Алматыдагы «Алтын-Ордо» базарынын аткаруучу директору болгон кыргызстандык Эрмек Маркабаев 2023-жылы 2-июнда полиция тарабынан кармалган. Алматынын полициясы Маркабаев маңзат менен кармалганын кабарлаган. Ошол эле учурда ишкердин өзү ага баңгизат салып коюшканын, бул иш «Алтын-Ордо» базарынын 20%ын тартып алуу үчүн коркутуу, кысым көрсөтүү максатында жасалып жатканын билдирген.

Быйыл 5-февралда сот ишкер Маркабаевди 4 жылга абакка кескен.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>