Мадумаровдун жактоочусу Курманбек Бакиевди күбө катары суракка алууну өтүнөт

Мадумаровдун жактоочусу Курманбек Бакиевди күбө катары суракка алууну өтүнөт

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровдун ишин  кароо Бишкектин Биринчи май райондук сотунда уланууда.

Жактоочу Кубанычбек Тумановдун маалыматында, күбөлөрдүн көпчүлүгү суралып бүттү.

«Өзү келе турган 2-3 күбө бар. Алар эмки сотко келсе керек. Андан тышкары дагы суракка ала турган адамдар бар, бирок алардын айрымдарына издөө жарыяланган. Балким көрсөтмөлөрүн окуп коюу менен гана чектелет. Биз мурдагы президент Курманбек Бакиевди дагы онлайн режимде болсо дагы суракка алуу өтүнүчүн келтиребиз», — дейт Кубанычбек Туманов.

Буга чейин сотко Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев, мурдагы транспорт министри Нурлан Сулайманов жана президенттин иш башкармасынын мурдагы биринчи орун басары Эмил Шерматов, мурдагы премьер-министр Игорь Чудинов күбө катары чакырылган.

Белгилей кетсек, Адахан Мадумаровго  2009-жылдагы кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу №5 протоколго ылайык, КР Кылмыш-жаза кодексинин «Мамлекетке чыккынчылык» беренеси боюнча айып тагылган.

Элчи Казакбаев Мадумаровдун сотуна күбө катары чакырылды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>