КР атайын кызматтарынын ардагери жаңы дүйнөлүк тартиптеги ШКУнун ролуна баа берди

23.06.2026 | 14:26
КР атайын кызматтарынын ардагери жаңы дүйнөлүк тартиптеги ШКУнун ролуна баа берди — Новости Кыргызстана

Азыркы шартта Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ) чек ара коопсуздугу чөйрөсүндөгү алгачкы милдеттеринин алкагынан кыйла чыгып, аймактык өз ара аракеттенүүнүн негизги механизмдеринин бирине айланууда, деп билдирди Кыргызстандын атайын кызматтарынын ардагери Нурлан Досалиев.

ШКУнун мамлекет башчыларынын саммитинин алдында «Ой Ордо» эксперттик демилгелер борбору тарабынан уюштурулган «Терроризмсиз, экстремизмсиз жана сепаратизмсиз дүйнө: глобалдык коопсуздук системасындагы ШКУнун жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн ролу» аттуу тегерек столдо сүйлөп жатып, ал уюмдун пайдубалы 1996-жылы эле Шанхай келишими форматында түптөлгөнүн эске салды. Ал келишим биринчи кезекте чек аралардагы ишенимди бекемдөөгө жана чыңалууну азайтууга багытталган.

Бирок 2001-жылы эле уюм заманбап форматка ээ болуп, ишмердүүлүк чөйрөсүн кыйла кеңейткен.

Досалиев салыштырмалуу кыска тарыхый мезгилдин ичинде локалдык коопсуздук маселелерин чечүүдөн саясат, экономика, туруктуу өнүгүү жана аймактык стабилдүүлүккө байланышкан милдеттердин кеңири чөйрөсүн талкуулоого өтүү болгонун белгиледи.

Анын айтымында, акыркы айлардагы маанилүү процесстердин бири ШКУнун Аймактык антитеррористтик түзүмүнүн (ШКУ ААТТ) ишинин жанданышы болду. Эксперттин пикиринде, бул эл аралык кырдаалдын өзгөрүшү менен уюмдун мааниси өсүп жатканын далилдейт.

Досалиев ошондой эле дүйнөдө өнүгүүнүн жаңы технологиялык жана экономикалык этабына өтүү жүрүп жатканын, бул глобалдык экономикалык активдүүлүктүн Азияга карай кайра бөлүштүрүлүшү менен коштолуп жаткандыгын айтты.

Анын айтымында, өндүрүштүк, финансылык жана экономикалык борборлордун Азия чөлкөмүнө которулушу менен бирге Евразиянын стратегиялык мааниси да өсүүдө.

Эксперт ошону менен катар бир катар эл аралык кризистердин жана конфликттик зоналардын тегерегинде чыңалуу күчөп жатканын, алардын басымдуу бөлүгү ШКУ мейкиндигине түздөн-түз жакын жайгашканын белгиледи.

Ал аймактык коопсуздук маселелеринө өзгөчө көңүл бурду.

Досалиевдин пикиринде, Борбор Азия мамлекеттери бир эле учурда бир нече ири интеграциялык бирикмелердин жана жамааттык коопсуздук системаларынын таасир этүү зонасында турат, бул тобокелдиктерди туруктуу баалоону жана макулдашылган мамилелерди иштеп чыгууну талап кылат.

Түздөн-түз Кыргызстан тууралуу айтып жатып, Досалиев эки негизги багытты белгиледи.

Биринчиси – тышкы коопсуздукту камсыздоо жана жамааттык өз ара аракеттенүүнүн колдонуудагы механизмдерин бекемдөө, ал эми экинчиси – ички конфликттик факторлорду азайтуу жана мамлекеттик институттардын туруктуулугун жогорулатуу.

Геосаясий факторлордон тышкары, эксперт климаттык коркунучтарга өзүнчө токтолду.

Анын айтымында, климаттын өзгөрүшү, суунун тартыштыгы, миграциялык процесстердин күчөшү жана жаратылыш ресурстарына болгон жүктөмдүн көбөйүшү аймактын мамлекеттери үчүн туруксуздуктун кошумча факторлору болуп калышы мүмкүн.

Досалиев ошондой эле климаттык процесстердин узак мөөнөттүү кесепеттерин эске алуу жана стратегиялык чечимдерди кабыл алууда потенциалдуу тобокелдиктерди баалоо зарылдыгына көңүл бурду.

Ушуга байланыштуу эксперт Кыргызстандын ШКУдагы төрагалыгынын мүмкүнчүлүктөрүн аймактык коопсуздукка, климаттын өзгөрүшүнө жана кризистик сценарийлердин алдын алууга байланышкан маселелерди эл аралык деңгээлге алып чыгуу үчүн колдонууну сунуштады.

Мындан тышкары, ал аналитикалык механизмдерди жана стратегиялык болжолдоону өнүктүрүү маселелерине токтолду. Анын пикиринде, аймак өлкөлөрү коркунучтарга узак мөөнөттүү баа берүүнү даярдоого, эксперттик потенциалды өнүктүрүүгө жана мамлекеттер аралык өз ара аракеттенүү механизмдерин өркүндөтүүгө көбүрөөк көңүл бурушу керек. 

Досалиев заманбап технологиялык чакырыктарга да көңүл буруп, маанилүү инфраструктураны коргоо системаларын өнүктүрүүнүн жана коркунучтардын жаңы түрлөрүнө каршы туруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Жыйынтыктап жатып, эксперт Борбор Азия мамлекеттери татаал жана тез өзгөрүп жаткан эл аралык чөйрөдө турганын, бул коопсуздук маселелерине жана узак мөөнөттүү пландаштырууга системалуу мамилени талап кыларын белгиледи.

Scroll to Top