Кыргыз опера ырчысы Кайыргүл Сартбаева дүйнө салдыКыргызстанда банктык эмес каржы рыногу чөйрөсүндөгү окуу борбору түзүлөтОрусия Кыргызстандагы чет элдик капитал катышкан биргелешкен ишканалардын саны боюнча лидерДушанбеде ШКУнун өкмөт башчылары жолугуп, кызматташууну өнүктүрүү маселелерин караштыЮстиция министрлиги Бекешевдин Конституциядагы 44 ката тууралуу билдирүүсүнө жооп бердиКРда акчаны адалдоо үчүн 1 миллион сом айып салуу жана фирмаларды жабуу сунушталууда
Кара-Кечеге баруучу көпүрө бузулду: «Кыргызкөмүр» айдоочуларга кайрылды
03.07.2026 | 12:32

«Кыргызкөмүр» ААК селдин кесепетинен унаа жолунун бузулгандыгына байланыштуу айдоочуларды Кара-Кече кени тарапка баруудан убактылуу баш тартууга чакырды.
Компаниянын маалыматы боюнча, акыркы күндөрү жааган нөшөрлүү жамгырдын кесепетинен Дыйкан — Кара-Кече — Молдо-Ашуу унаа жолунда сел жүргөн.
Табигый кырсыктын кесепетинен жолдун 30–32-чакырымында жайгашкан көпүрө толугу менен талкаланды. Буга байланыштуу Кара-Кече кенине баруучу жолдо транспорттун бардык түрлөрү үчүн кыймыл убактылуу токтотулду. «Кыргызкөмүр» жүк ташуучу жана жеңил унаалардын айдоочуларына, көмүр ташуучуларга, ишкерлерге жана башка жарандарга жол калыбына келтирилгенге чейин сапарга чыкпай туруу өтүнүчү менен кайрылды.
Учурда «Кара-Кече» филиалы тарабынан кечиктирилгис калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Көпүрө оңдолуп, унаа кыймылы кайра жандангандан кийин расмий булактар аркылуу кошумча маалымат берилет.
Теги: жол, Кыргызкомур