Бишкек милициясы укук коргоо органдарынын кызматкерлерин урматтоо зарылдыгын эскерттиКонго Демократиялык Республикасында Эбола илдетинин эң ири очогу катталды20 млрд доллар: Жаңы «Асман» шаары кандай болот?Кытай Кыргызстандын суу чарба тармагына 370 даана техника беретКазакстанда 70 жылдан кийин алгачкы жолу жапайы жаратылышка жолборс коё берилди227 млн сом зыян: Башкы прокуратура гемодиализ боюнча кылмыш ишин козгоду
Кара-Кулжада ички чарбалык унаа жолдогу көпүрөнү сел алып кетти
10.05.2021 | 12:35
Карагуз-Түшүнүк ички чарбалык унаа жолундагы көпүрөнү сел алып кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ош облусунун Кара-Кулжа районунда 10-май күнү саат 03:30 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен, Карагуз айыл аймагынын Түшүнүк айылында Карагуз-Түшүнүк ички чарбалык унаа жолунун 15-чакырымындагы көпүрөнү сел алып кеткен. Көпүрөнү калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү үчүн №26 ЖТИден 1 жүктөгүч тартылган.
Кошумча маалымат берилери айтылат.