Бишкектеги №28 мектептин директору прокуратуранын текшерүүсүнөн кийин кызматтан алынды

30.07.2026 | 11:23
Бишкектеги №28 мектептин директору прокуратуранын текшерүүсүнөн кийин кызматтан алынды — Новости Кыргызстана

Ленин райондук прокуратурасы №28 мектеп-комплексинде билим берүү жана финансылык ишмердүүлүк чөйрөсүндө мыйзам бузууларды аныктады. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен директор кызматынан бошотулду, деп билдирет Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, айрым мугалимдердин билим деңгээли ээлеген кызматтарына жана берген сабактарына коюлган квалификациялык талаптарга жооп бербестиги аныкталган.

Мындан тышкары, мектеп директорунун орун басарынын педагогикалык билими болгон эмес жана мыйзамда каралган педагогикалык адистик боюнча кесиптик кайра даярдоодон өткөн эмес.

Ошондой эле, иш жүзүндө өзүнүн эмгек милдеттерин аткарбаган айрым кызматкерлерге мыйзамсыз эмгек акы чегерүү жана төлөп берүү фактылары аныкталган.

Буга кошумча, мектепке чейинки бөлүмдүн (бала бакчанын) тарбиялануучуларынын бир бөлүгү билим берүү мекемесинин эсептик документтерине киргизилген эмес. Натыйжада алар үчүн ай сайын түшүп турган акча каражаттары кассага кириштелген эмес.

Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча прокуратура прокурордук чара көрүү актыларын киргизди. Мыйзамсыз сарпталган акча каражаттары толук көлөмдө бюджетке кайтарылды.

Прокурордук чара көрүү актыларын кароонун жыйынтыгы менен мектептин директору жана анын орун басары ээлеген кызматтарынан бошотулду.

Ал эми Ленин райондук билим берүү башкармалыгынын башчысын тартиптик жоопкерчиликке тартуу маселеси КР Билим берүү жана илим министрлигинин кароосунда турат.

Scroll to Top