Сыймык Жапыкеев кыргыз тили боюнча тестти экинчи аракетинде тапшырдыТүнкүсүн үшүк жүрүп, күн ачык болот: 25-октябрга карата аба ырайыБишкекте аймактын келечегине арналган ири эл аралык форум өттүАкжол Махмудов Астанадагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыктыМСК Душанбе шаарында салыктык башкарууда ЖИ колдонуу тажрыйбасын тааныштырдыЛионель Месси Астурия принцессасынын сыйлыгынын лауреаты болду
Таласта мыйзамсыз ташылып келген 20 тонна ун кармалды
04.08.2026 | 12:24

Мамлекеттик салык кызматы Талас облусундагы «Чоң-Капка» өткөрмө пункту аркылуу ЕАЭБ өлкөлөрүнөн эсепке алынбаган унду мыйзамсыз алып кирүү аракетин аныктады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, рейддик көзөмөлдүн жүрүшүндө төрт жүк ташуучу унаа текшерилген. Анда коштомо документтерде көрсөтүлгөн көлөм менен иш жүзүндөгү ундун өлчөмү дал келбестиги такталган. Натыйжада 20 тонна ун эсепке алынбаганы белгилүү болгон. Товардын болжолдуу баасы 800 миң сомду түзөт.
Учурда жүк ташуучу унаалар айып короосуна токтотулуп, мыйзам бузган жарандарга карата тиешелүү чаралар көрүлүп жатканы айтылды.
Теги: Салык кызматы, Талас