Садыр Жапаров Түштүк Кореяга расмий сапар менен баратЖаратылыш ресурстары министрлиги калдыктарды кайра иштетүүчүлөрдүн реестрин түзүп, лицензиялоо иштерин жүргүзүүдөБул күндү бүткүл дүйнөнүн жаштары күткөн!Бишкектин Кронштадт көчөсү унаа кыймылы үчүн ачылдыЖК комитети инвесторлорго жер берүүнүн жаңы эрежелерин жактырдыДКО: көк бөрү жана көк парга кире албагандар билеттин акчасын кайтарууга 20-сентябрга чейин билдирме бериши керек
227 млн сом зыян: Башкы прокуратура гемодиализ боюнча кылмыш ишин козгоду
04.08.2026 | 18:12

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы бюджеттик программалык гемодиализ кызматтарын көрсөтүүдө көптөгөн мыйзам бузууларды аныктады, деп билдирет көзөмөл органынын басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, медициналык документтерге жана «Гемодиализ» автоматташтырылган маалыматтык системасына жалган маалыматтарды киргизүү фактылары аныкталган.
Тактап айтканда, процедуралар бейтаптар каза болгондон кийин, ошондой эле Кыргызстандын аймагынан тышкары жүргөн адамдарга да каттала берген. Мындан тышкары, бир эле «жасалма бөйрөк» аппаратында техникалык жактан мүмкүн болбогон бир нече гемодиализ сеансын бир эле учурда өткөргөн деп катталган учурлар аныкталды.
Ошондой эле айрым жеке медициналык уюмдар берилген лицензияларда каралган кубаттуулуктан ашыкча кызмат көрсөтүп келишкен.
Башкы прокуратуранын баалоосу боюнча, аныкталган мыйзам бузуулардын натыйжасында мамлекетке 226 млн 967 миң сом өлчөмүндө зыян келтирилген.
Бул факт боюнча бир катар кызмат адамдарына карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси («Коррупция») жана 348-беренеси («Шалаакылык») менен кылмыш иши козголду. Тергөө иштери жүрүүдө.