Айыл чарба: Кыргызстанда 202 машина-трактор станциясы иштеп жатат11 жалган фирма жана жасалма документтер: «Ак-Тилек» аркылуу көмүскө импорттун ири схемасы ачыкталдыДээрлик 120 млн сомдук контрабанда жана кесилген тикенектүү зымдар: Чек ара кызматы мыйзам бузуулар боюнча отчет бердиБишкектин бир бөлүгүндө 2 күн жаратылыш газы берилбейтЧаткалдагы Ыдырыс-Ата күмбөзү көрктөндүрүлөтБиринчи класска барган баланы мектепке даярдоо канча турат?
Кара-Суу районунда жеке менчикке мыйзамсыз берилген жер кайтарылды
04.04.2025 | 10:44
Ош облусунун Кара-Суу районунда мыйзамсыз жеке менчикке берилген жер тилке кийин курулган имараты менен кошо мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматта айтылгандай, 2004-жылы аталган райондук администрациясынын айрым кызмат адамдары администрациянын аймагында жайгашкан жер тилкени жеке менчикке чыгарууга көмөк көрсөткөнү белгилүү болгон. Жеке менчикке өткөндөн кийин аталган жерге эки кабаттуу коомдук тамактануучу имарат курулуп, бүгүнкү күнгө чейин иштеп келген.
Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында, жогоруда аталган жер тилке курулган имараттар менен бирге мамлекетке кайтарылды.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар