Жаза катаалдашкандан кийинки бир ай ичинде 1,5 миңден ашык мас айдоочу аныкталдыЭнергетика министрлиги: Кыргызстандын энергосистемасы штаттык режимде иштеп жататКыргызстанда ЖОЖдорго документтерди кабыл алуунун үчүнчү этабы башталдыБардык авиакомпаниялар жүргүнчүлөргө кыргыз тилинде маалымат берүүгө милдеттендирилдиЖыл башынан «5200» ишеним телефонуна зомбулук боюнча 3,4 миңден ашуун кайрылуу түштүАйыл чарба министрлигинде 722 млн сомдон ашык финансылык бузуулар аныкталды
Кара-Сууда 10 гектар жер мамлекетке кайтарылды
09.04.2025 | 17:47
Ош облусунун Кара-Суу районунда жайгашкан “Кара-Суу канаттуулар фабрикасына” тиешелүү болгон 10 гектар жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка ылайык, 2003-жылы Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн айрым кызмат адамдарынын жардамы менен аталган жер тилкеси жеке менчикке мыйзамсыз түрдө өтүп кеткени аныкталган.
Ыкчам иликтөөнүн жыйынтыгында, жогоруда аталган жер тилкеси мамлекеттик баланска кайтарылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар