Айыл чарба министрлигинде 722 млн сомдон ашык финансылык бузуулар аныкталды

27.07.2026 | 12:43
Айыл чарба министрлигинде 722 млн сомдон ашык финансылык бузуулар аныкталды — Новости Кыргызстана

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде, ошондой эле анын ведомстволук жана аймактык түзүмдөрүндө 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча жалпы суммасы 722 млн 908,6 миң сомду түзгөн финансылык бузуулар жана кемчиликтер аныкталды. Бул тууралуу Reporter.kg басылмасына Эсептөө палатасынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Такталгандай, ордуна коюлууга тийиш болгон 614,8 млн сомдун 560 млн 22,3 миң сому жана 3,8 миң АКШ доллары бюджетке кайтарылды. Эң ири бузуулар кирешелерди бюджетке өз убагында которбоо менен байланыштуу экени белгиленет.

Эсептөө палатасынын маалыматы боюнча, акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдөн жана мүлктү башкаруудан түшкөн 535,2 млн сом, 29,3 млн сом милдеттүү төлөмдөр жана 312,7 миң сом айып пулдар өз убагында которулган эмес. Текшерүүнүн жүрүшүндө бюджетке 532,9 млн сом ордуна коюлду.

Мындан тышкары, аудит кызматкерлердин эмгек акысына жана башка төлөмдөрүнө 47,8 млн сом өлчөмүндө ашыкча каражат сарпталганын, ошондой эле 7,7 млн сомдук товардык-материалдык баалуулуктардын ашыкчасы бар экенин аныктаган.

Бухгалтердик эсептеги каталар жана дебитордук карыздарды эсепке алуудагы бузуулар 42 млн сомду түзгөн. Ошондой эле курулуш-монтаждоо иштеринин көлөмү 5 млн сомдон ашык суммага негизсиз жогорулатылганы аныкталган. Бул каражаттар дагы бюджетке кайтарылды.

Мамлекеттик инвестициялык долбоорлордун алкагында 13,8 млн сомдук бузуулар аныкталган, анын ичинде ЕАЭБ келишимдерин ишке ашыруу эрежелерин сактабоого байланышкан фактылар бар.

«Аудиттин жыйынтыктары министрликте жана анын аймактык бөлүмдөрүндө ички финансылык көзөмөл жана бухгалтердик эсептин деңгээли жетишсиз экенин күбөлөндүрөт», — деп айтылат маалыматта.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен мекемеге аныкталган бузууларды четтетүүнү, калган карыздарды өндүрүүнү жана финансылык тартипти бекемдөөнү караган, аткарылышы милдеттүү болгон жазма буйруктар жана сунуштамалар жөнөтүлдү.

Анара Мамытова

Scroll to Top