Орусиялык стример Leva2k түз эфирде Кыргызстандагы Ленин чокусун багындырдыБишкек мэриясы даракты бетондоп салган ижарачы менен келишимди бузатКурумдыдагы альпинисттерди издөө: кара түстөгү караандар таш болуп чыктыЕККУ ЖККУ менен өз ара аракеттенүүнү калыбына келтирүүгө ниеттенүүдө — Таалатбек МасадыковМыктыбек Оролбай уулу карьерасында биринчи жолу UFC 330 турниринде мөөнөтүнөн мурда жеңилдиИран Трамптын ниетин шылдыңдады: Ормузду твит менен басып алуу мүмкүн эмес
Жаза катаалдашкандан кийинки бир ай ичинде 1,5 миңден ашык мас айдоочу аныкталды
27.07.2026 | 14:32

Кыргызстанда транспорт каражатын мас абалында башкаргандыгы үчүн жаңы жоопкерчилик чаралары күчүнө киргенден кийинки биринчи айдын ичинде 1,5 миңден ашуун мас айдоочу аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Колдонуудагы мыйзамдарга ылайык, автоунааны мас абалында башкарган айдоочу транспорт каражатын башкаруу укугунан эки жылга ажыратылат жана ага 80 миң сом өлчөмүндө айып пул салынат. Эгерде мас абалында унаа башкаруу адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыгына алып келсе, күнөөлүү адам 10 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылып, аны менен катар унаа башкаруу укугунан 12 жылга чейин ажыратылышы мүмкүн.
ИИМ белгилегендей, Кыргызстанда көп адамдын өлүмүнө алып келген жол кырсыктарынын негизги себептери – унааны мас абалында башкаруу, карама-каршы тилкеге чыгуу жана белгиленген ылдамдыктан ашырып айдоо бойдон калууда.
Мекеме айдоочуларды спирт ичимдиктерин ичкенден кийин унаа башкаруудан баш тартууга чакырып, мас айдоочу өзүнө гана эмес, жол кыймылынын башка катышуучуларына да коркунуч жаратарын баса белгиледи.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом