Жаратылыш ресурстары министрлиги жана кореялык эксперттер абанын сапатын жакшыртууну талкуулашты

24.07.2026 | 12:49
Жаратылыш ресурстары министрлиги жана кореялык эксперттер абанын сапатын жакшыртууну талкуулашты — Новости Кыргызстана

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин өкүлдөрү «Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу» долбоорунун алкагында Корея эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) эксперттери менен жолугушууларды өткөрүштү.

Жолугушууларда долбоорду ишке ашыруунун кийинки этаптары: зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгышын азайтуу боюнча чараларды иштеп чыгуу, абанын сапатын башкаруу системасын өркүндөтүү, 21 мамлекеттик билим берүү мекемесине экологиялык таза жылытуу системаларын киргизүү, ошондой эле окутуу иш-чараларын өткөрүү жана эл аралык тажрыйба алмашуу маселелери талкууланды.

Жолугушуулардын жыйынтыгында тараптар долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн кызматташууну улантууга даяр экендиктерин ырасташты.

Scroll to Top