Жыл башынан «5200» ишеним телефонуна зомбулук боюнча 3,4 миңден ашуун кайрылуу түштү

27.07.2026 | 13:15
Жыл башынан «5200» ишеним телефонуна зомбулук боюнча 3,4 миңден ашуун кайрылуу түштү — Новости Кыргызстана

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги мамлекеттик социалдык заказдын алкагында «5200» ишеним телефонунун үзгүлтүксүз иштешин камсыздап келет. Кызмат жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого багытталган.

Адистер жарандардын кайрылууларын кабыл алып, психологиялык, социалдык жана укуктук кеңеш беришет. Зарыл болгон учурда кайрылгандар тиешелүү мамлекеттик органдарга жана адистештирилген мекемелерге багытталат.

Министрлик жарандарды үй-бүлөлүк зомбулук фактыларын жашырбоого жана өз убагында жардам сурап кайрылууга чакырат. Ведомствонун белгилешинче, зомбулук жеке үй-бүлөгө гана эмес, бүтүндөй коомдун коопсуздугуна жана жарандардын бакубат жашоосуна да терс таасирин тийгизет. Өз убагында кайрылуу оор кесепеттердин алдын алып, жабыркагандарды коргоого мүмкүндүк берет.

2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында «5200» ишеним телефонуна 3 миң 480 кайрылуу түшкөн.

Анын ичинен:

  • физикалык зомбулук боюнча – 335;
  • психологиялык зомбулук боюнча – 1 миң 513;
  • куугунтуктоо боюнча – 142;
  • экономикалык зомбулук боюнча – 251.

Мындан тышкары, 1 миң 309 жаран юридикалык жардам алуу үчүн тиешелүү кызматтарга багытталган. Ал эми 1 миң 302 адам психологиялык колдоо алган.

Министрлик «5200» ишеним телефону оор турмуштук кырдаалга кабылган жарандарга өз убагында жардам көрсөтүү үчүн иштеп жатканын эскертет.

Ишеним телефонуна кайрылуу аркылуу жарандар квалификациялуу консультация, психологиялык жана укуктук колдоо алып, өз укуктарын коргоо боюнча жардамга ээ боло алышат.

Scroll to Top