«Бул сыйлык меники эле эмес» — Зухра Шидакова Достук ордени жөнүндөАрабаев атындагы КМУда заманбап журналистиканын көйгөйлөрү боюнча конференция өттүКоомдук ишмер, академик Жамин Акималиев 90 жашында дүйнөдөн кайттыБишкектин 9 жана 10-кичи райондорунда 10-ноябрда суу болбойтКыргызстан менен Сальвадор виртуалдык активдерди жөнгө салуу боюнча меморандумга кол коюштуАксыда жерлерди жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүү фактысы боюнча иш козголду
Энергетика министрлиги: Кыргызстандын энергосистемасы штаттык режимде иштеп жатат
27.07.2026 | 14:32

27-июлга карата Кыргыз Республикасынын энергосистемасы штаттык режимде иштеп жатат. Электр тармактарында ашыкча жүктөмдөр жана технологиялык үзгүлтүктөр катталган жок. Өткөн сутка ичинде электр энергиясын керектөө көлөмү 45,6 млн кВт/саатты түздү.
Күз-кыш мезгилине даярдыктын алкагында электр тармактарынын объектилеринде пландуу оңдоо иштери уланууда. Оңдоо иштеринин графиги менен «УЭТ» ААКнын nesk.kg расмий сайтынан же «Менин жарыгым» мобилдик тиркемеси аркылуу таанышууга болот.
Энергетиктер жарандарды электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга, айрыкча жүктөм эң жогору болгон сааттарда үнөмдүү колдонууга чакырышат.
Теги: Минэнерго