ЖИ доорундагы котормочулардын келечеги: КРСУнун бүтүрүүчүсүнүн көз карашы

22.07.2026 | 19:00
ЖИ доорундагы котормочулардын келечеги: КРСУнун бүтүрүүчүсүнүн көз карашы — Новости Кыргызстана

Жасалма интеллекттин тез өнүгүшү эмгек рыногун өзгөртүп жатат. Бул өзгөрүү котормочулук кесипке да таасирин тийгизүүдө. Бирок университетте берилген салттуу билим дагы деле маанилүү. Ал жаңы технологиялар менен иштеген адистер үчүн негиз болуп берет. Токмоктук бүтүрүүчү КРСУга кантип бюджеттик негизде өткөнү, эмне үчүн тилди жакшы билүү ЖИ-машыктырычуулар үчүн маанилүү экени жана Кыргыз-Орус Славян университетинин диплому ири IT-компанияларда иштеген адистерди кантип бириктирери тууралуу Reporter.kg’ге лингвист-котормочу, Growave компаниясынын ЖИ-машыктыруучусу Семён Ахрамеев маек курду.

— Семён, Кыргыз-Орус Славян университетине байланыштуу эң алгачкы жана эсте калган окуяңызды айтып берсеңиз?

— Балким, 2005-жылы университетке тапшырган учурумду айтсам болот. Токмоктон Бишкекке жаңы келип, келечекте эмне кыларын издеп жаткан кечээки мектеп окуучусу үчүн бул абдан толкундандырган учур болгон.

Мага университетке эки жолу тапшырууга туура келди. Биринчи жолу алтын медаль менен мектепти бүткөндөр жана жакшы окуган окуучулар менен чогуу экзамен тапшырдым. Бюджеттик орунга өтүүгө бир нече балл жетпей калды. Экинчи жолу жалпы талапкерлер менен чогуу экзамен тапшырып, бардык күчүмдү жана билимимди жумшап, акыры окууга өттүм. Кирүү экзамендеринде кийинки беш жыл бою чогуу окуган досторум менен тааныштым.

— КРСУ өлкөдөгү кадыр-барктуу жогорку окуу жайлардын бири деп эсептелет. Анын аброюн эмне түзөт?

— Биринчи кезекте, эки диплом алуу мүмкүнчүлүгү — кыргызстандык жана россиялык үлгүдөгү диплом. Андан тышкары, университеттин аброю жогору. Славян университетинде кесипти жакшы өздөштүрүп, келечекте ийгиликтүү иштөөгө керектүү терең билим берилерин баары билишет. Башкы корпустагы өзгөчө атмосфера, кире бериштеги Пушкиндин белгилүү эстелиги — мунун баары эле студентти окууга олуттуу мамиле кылууга чакырып турар эле.

— Чет тилдер кафедрасында алган кайсы билим жана көндүмдөрүңүз кийинки карьераңызга көбүрөөк жардам берди?

— Университетте бизди дароо эле бизнеске иштөөгө даярдашкан эмес. Негизги көңүлдү тил боюнча терең теориялык билим берүүгө бурушкан. Бизди тилди жакшы билген адис, изилдөөчү жана келечектеги окутуучу катары даярдашты.

Бирок КРСУдан алган эң маанилүү нерсем — өз алдынча окуп, жаңы нерселерди үйрөнүү көндүмү болду. Университетте бизди маалыматты өзүбүз издеп табууга жана жаңы багыттарды өздөштүрүүгө үйрөтүштү. Дал ушул көндүм кийин өз ишимди өнүктүрүүгө жана башка тармактарды да үйрөнүүгө жардам берди.

— Университетте кесипке болгон көз карашыңызга таасир берген мугалим болдубу?

— Биринчи кезекте кафедра башчысы Ольга Юрьевна Шубинаны айта алам. Ал талапты катуу койгон, бирок абдан адилеттүү болчу. Эгер студент көп эмгектенип, билимин көрсөтсө, ал муну дайыма баалачу. Ольга Юрьевна мыкты студенттерди өстүрүүгө аракет кылчу.

Бизде англис жана немис тилдери боюнча да күчтүү мугалимдер бар эле. Мисалы, «Салыштырмалуу лингвистика» сабагы тилдерге болгон көз карашымды түп-тамырынан өзгөрттү. Биз ар кандай индоевропалык тилдерди салыштырып, алардын кантип өнүккөнүн жана бири-бирине кандай таасир бергенин изилдечүбүз. Бул менин дүйнө таанымымды абдан кеңейтти. Мунун баарына окутуучуларыбыздын кесипкөйлүгү чоң таасир берди.

— Университетти аяктагандан кийин кесиптик жолуңуз кандай уланды?

— Үчүнчү курста эле котормочулук ишти баштадым. Студент кезде бул тармакта өз ордуңду табуу оңой эмес. Бирок жергиликтүү котормо агенттиктери мага иш берип, жардам көрсөтүп, багыт берип турушту. Окууну аяктагандан кийин геологиялык изилдөө жана кен казуу менен алектенген жеке компанияда техникалык котормочу болуп иштедим. Ал жерде татаал тексттер менен иштөө боюнча чоң тажрыйба топтодум.

Кийинчерээк күнүмдүк жеке документтерди которгонго караганда, компаниялардын ортосундагы кызматташууга байланышкан татаал маселелерди чечүү мага көбүрөөк кызыктуу экенин түшүндүм. 2013–2014-жылдары өз алдынча иштөөгө өтүп, бизнес үчүн техникалык, юридикалык жана маркетингдик котормолорду жасаган жеке котормо бюросун ачтым.

— Жасалма интеллекттин өнүгүшү менен көпчүлүк котормочулук кесип жакында жок болот деп айтып жатышат. ЖИ доорун кандай кабыл алдыңыз?

— Google’дун алгачкы нейротармактык котормо технологиялары 2017–2018-жылдары пайда болду. Ошол кезде лингвисттерде күмөн саноолор болгон. Бирок технология өнүккөн сайын бир нерсе түшүнүктүү болду: ЖИ күнүмдүк котормолордун көп бөлүгүн адамдын ордуна аткара алат.

Бирок котормочулук кесип жоголгон жок, болгону өзгөрдү. Азыр заманбап ЖИ куралдары менен иштей алган жана тилдердин ортосундагы айырмачылыктарды жакшы түшүнгөн адистер керек. Биздин айрымдарыбыз промпт-инженерлерге жана ЖИ-тренерлерге айландык. Жасалма интеллектке тапшырманы туура берип, сапаттуу жооп алуу үчүн тилди жана котормочулукту жакшы билүү зарыл. Ошондуктан 2022-жылдын аягында мен ушул жаңы багытка көңүл буруп, азыр Growave компаниясында ЖИ-тренер болуп иштеп жатам.

— Жасалма интеллект менен иштөөдө КРСУда алган билимиңиз жардам береби?

— Албетте. Бул билим болбосо, тилдин кандай түзүлгөнүн жана кандай иштээрин түшүнүү кыйын. Тилди жакшы билбеген адам ЖИге туура тапшырма бере албайт. Ооба, нейротармак абдан көп маалыматты билет, бирок аны туура багыттап, кантип колдонуу керектигин адам чечет. КРСУдагы билим берүү күчтүү лингвистикалык мектептин мыкты салттарына негизделген. Бул билимди четке кагууга болбойт. Аны азыркы заманга ылайыкташтырып, жаңы технологиялар менен толуктоо керек, бирок андан баш тартууга болбойт.

— Бүгүнкү күндө тил багытында билим алып жаткан студенттерге кандай кеңеш берет элеңиз?

— Бошоңдобогула жана нейротармактарга толук ишенип албагыла. Жасалма интеллект ага берилген маалымат канчалык сапаттуу жана туура уюштурулган болсо, ошончолук жакшы иштейт.

Чет тил үйрөнүү адамдын эс тутумун жана ой жүгүртүүсүн өнүктүрөт. Бул өзү эле баалуу көндүм. Өзүңөрдү бир эле кесип менен чектебегиле. Математикалык же компьютердик лингвистиканы үйрөнүп, жаңы технологияларды өздөштүргүлө. Ошондой эле классикалык билимди жаңы технологиялар менен бирге колдонгонду үйрөнүү керек.

Кыргыз-Орус Славян университетинин бүтүрүүчүлөрүнүн коомчулугуна таандык болуу сизге күнүмдүк жашоодо жардам береби?

— Ооба, абдан көп жардам берет. Университетти бүткөнүмө 16 жыл болду. Бирок ар кайсы тармакта иштеген КРСУнун бүтүрүүчүлөрүн азыр да көп жолу жолуктуруп турам. Бул адамдар менен тез тил табышууга жана бири-бирибизге ишенимдүү мамиле түзүүгө жардам берет.

Азыр мен иштеген Growave компаниясында да ар кайсы жылдары КРСУну бүтүргөн үч адам бар. Биз жумушта тааныштык. Бир университетти аяктаганыбызды билгенден кийин тез эле жакын мамиле түзүлдү. КРСУ сапаттуу билим гана бербестен, адамдарды көп жылдар бою байланыштырып турат.

Биринчи жалпы университеттик бүтүрүү кечесине карай

Кесиптик байланыштарды сактоо жана университеттин бүтүрүүчүлөрүнүн бир коомчулук катары биригүүсү тууралуу маекте айтылган ойлор КРСУнун алдыдагы майрамында да негизги темалардын бири болот. 25-июлда «Жаштык Аренада» университеттин 33 жылдык тарыхында биринчи жолу бүтүрүүчүлөрдүн, окутуучулардын, ата-энелердин жана Кыргызстандан жана Россиядан келген ардактуу коноктордун башын бириктирген жалпы университеттик бүтүрүү кечеси өтөт.

Быйыл КРСУнун жана КРСУ колледжинин 1 128 бүтүрүүчүсү бакалавр, адистик, магистр жана ординатор дипломдорун алышат. Окууда, илимий жана коомдук иштерде өзгөчөлөнгөн мыкты студенттер сыйлыктар жана артыкчылык дипломдору менен сыйланат.

Бүтүрүүчүлөрдүн өздөрү окуган университет менен байланышын узак убакытка сактоону көздөгөн КРСУнун Бүтүрүүчүлөр ассоциациясын түзүү тууралуу жарыялоо да майрамдын маанилүү окуяларынын бири болот. Бул бирикме ар кайсы жылдары окуу жайды бүткөн адистердин байланышын бекемдеп, алардын кесиптик жактан бири-бири менен кызматташуусуна шарт түзөт.

Университет 33 жыл ичинде Кыргызстандын жана Россиянын экономикасы, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана мамлекеттик башкаруу тармактарында ийгиликтүү иштеп жаткан 40 миңге жакын адисти даярдады.

Теги: КРСУ
Scroll to Top