Бардык авиакомпаниялар жүргүнчүлөргө кыргыз тилинде маалымат берүүгө милдеттендирилди

КР Министрлер кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги бардык эл аралык авиакомпанияларды аба кемелеринин бортунда жүргүнчүлөргө маалымат берүүдө мамлекеттик тилди колдонууга милдеттендирди.
Такталгандай, мурда эл аралык каттамдарда жүргүнчүлөр үчүн маалымат, эреже катары, англис, орус, ошондой эле каттам аткарылып жаткан өлкөнүн тилинде берилчү. Эми алар менен катар Кыргызстанга, Кыргызстандан жана өлкө ичиндеги каттамдарда кыргыз тилин колдонуу милдеттүү болуп калат.
Жаңы талап үзгүлтүксүз (регулярдуу) жүргүнчүлөрдү ташууну жүзөгө ашырган бардык авиакомпанияларга, анын ичинде Кыргызстанга эл аралык каттамдарды аткарган чет элдик авиаташуучуларга да жайылтылат.
Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинен белгилешкендей, бул чара мамлекеттик тил саясатынын алкагында ишке ашырылууда жана мамлекеттик тилдин макамын бекемдөөгө, жүргүнчүлөрдүн маанилүү маалыматка бирдей жеткиликтүүлүгүн камсыздоого жана жарандык авиация чөйрөсүндө тейлөө стандарттарын жогорулатууга багытталган.
Жаңы талаптарга ылайык, кыргыз тилинде жүргүнчүлөр үчүн негизги билдирүүлөр, анын ичинде авариялык-куткаруу иш-аракеттери боюнча нускамалар, учуу коопсуздугунун эрежелери, учуп чыгуу, конуу тууралуу маалыматтар жана каттамды аткаруу учурунда зарыл болгон башка кулактандыруулар милдеттүү түрдө айтылышы керек.
Ошол эле учурда, мамлекеттик тилдеги маалымат толук, так жана башка тилдерде берилген билдирүүлөрдүн мазмунуна тең мааниде болушу шарт.
Авиакомпаниялардын жетекчилерине жаңы талаптардын аткарылышын камсыз кылуу, кыргыз тилиндеги билдирүүлөрдүн расмий тексттерин даярдоо жана аларды жаңы эрежелердин карамагына кирген бардык каттамдарда колдонууну уюштуруу тапшырылды.