Көк бөрү финалдарында аншлаг: Бает айылында түз эфир үчүн фан-аймак ачылатДүйнөлүк көчмөндөр оюндарында тыйын эңмей: кыргызстандык Азим Эсенбек уулу күмүш байгеге ээ болдуКММ үзгүлтүксүз камсыздоо: «Ынтымак Ордодо» күйүүчү май рыногундагы абал талкууландыКыргызстандык Орозбек Алмазбеков казак күрөшү боюнча Көчмөндөр оюндарынын чемпиону болдуАсыл тукум мал жана кош дипломдор: КР менен Чувашия агроөнөр жай комплекси боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү100 млн сом жана жаңы академия: Садыр Жапаров КРда шахматты өнүктүрүү боюнча жарлыкка кол койду
Кыргызстанда кафе жана ресторандарды пландан тышкары текшерүү кайтарылышы мүмкүн
26.07.2026 | 12:30

Кыргызстандын Президентинин администрациясы коомдук тамактануу жайларын пландан тышкары текшерүүнү караган мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды.
Документтин маалымкат-негиздемесинде белгиленгендей, социалдык тармактарда коомдук тамактануу жайларындагы санитардык-эпидемиологиялык талаптардын бузулушу тууралуу маалыматтар тез-тез жарыяланып турат. Бирок ыйгарым укуктуу органдар мындай билдирүүлөргө ыкчам чара көрө алышпайт, анткени колдонуудагы мыйзамдар пландан тышкары текшерүүлөрдү жүргүзүүгө чек коёт.
Мыйзам долбоорун иштеп чыгуучулардын маалыматына караганда, Экономика жана коммерция министрлиги көзөмөл иш-чараларын жүргүзүүгө уруксат бербейт, себеби бул колдонуудагы нормаларга карама-каршы келет.
Президенттин администрациясы баса белгилегендей, азыркы учурда санитардык-эпидемиологиялык кызмат жарандардын ден соолугуна коркунуч жаралгандан же зыян келтирилгенден кийин гана кийлигише алат. Ошол эле учурда, бул кызматтын негизги милдети — мындай окуялардын алдын алуу болуп саналат.
Буга байланыштуу коомдук тамактануу жайлары үчүн өзгөчөлүк киргизүү жана санитардык-эпидемиологиялык органдарга мындай жайларды пландан тышкары текшерүү укугун берүү сунушталууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: законопроект, Кыргызстан