Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Ошто 12 эчки тирүүлөй күйүп кетти
10.03.2023 | 11:00
Кыргызстанда акыркы суткада 9 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка карагандща, Чүй облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 2, Ош облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 4 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 10 бөлүм тартылган.
Оштун Кара-Суу районунун Кескен-Жар айылында эки кабаттуу жыгач устундуу шифер менен жабылган сарайдын 128 чарчы метр чатыры, 400 түк жыйылган чөп жана 12 эчки күйгөн, өрттүн кесепетинен жанаша жайгашкан жыгач устундуу шифер менен жабылган турак үйдүн жана бастырманын жалпы 74 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз