«Жасалма интеллект (ИИ) деп айтпаш үчүн» — спортчу кыз Садыр жана Айгүл Жапаровдорду Ысык-Көлдөн кокусунан жолуктуруп калдыБишкектиктерге ысык суу качан берилери белгилүү болдуКыргызстандын бийлиги туристтерге орой мамиле кылгандар катаал жазаланарын эскерттиБишкекте Жеңиш күнүнө карата автожүрүш өттүӨКМ башчысы Баткендеги сел кооптуу тилкелерде коргоо иштерин тездетүүнү тапшырдыАла-Арчада япониялык эки турист куткарылды — видео
Кара-Сууда 18 жаштагы кыздын өлүмүнө шектүүлөр кармалды
27.04.2025 | 12:23
Ош облусунун Кара-Суу районунда 18 жаштагы кыздын өлүмүнө шектүү делип эки адам кармалды, бири жашы жете элек өспүрүм.
Милициянын маалыматына караганда, 25-апрелде Кара-Суу РИИБге Отуз-Адыр айылында 18 жаштагы А.А. белгисиз бирөөнүн кол салуусунан оор жаракат алып, каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн.
Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин «Адам өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
Кара-Суу РИИБдин криминалдык милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан ошол эле күнү жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүүлөр кармалган.
Алар Кара-Суу районунун тургуну 18 жаштагы Ж.С. жана Жалал-Абад облусунан 16 жаштагы А.Б болуп чыкты. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары уланууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар