Кара-Сууда 8-класстын окуучусун сабаган агайга иш козголду

Кара-Сууда 8-класстын окуучусун сабаган агайга иш козголду

Ош облусунда агайы сабагандан кийин ооруканага түшкөн окуучу боюнча иш тергелип жатат. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Окуя 13-апрелде Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл аймагына караштуу Кара-Дөбө айылында болгон. Анда М.Тешебаев атындагы орто мектептин имаратынын ичинде ушул эле мектептин 8-классынын окуучусу дене тарбия сабагынын мугалими “Эмне үчүн журналды карайсың?” деп эки колу менен кулагынан чоюп, уруп денесине жаракат келтирген.

Бул факты  66-берененин 1-бөлүмү менен Кара-Суу РИИБинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Учурда аталган иш боюнча милиция тарабынан тийиштүү тергөө аракеттери улантылууда.

Белгилей кетсек, Кара-Суу районун Кара-Дөбө айылындагы Тешебаев атындагы №9 мектептин Азамат Бакиров деген мугалими 8-класстын окуучусун сабап салганы айтылган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>