Ленин округу боюнча ЖК депутатын кайра шайлоо качан өтөт? Жооп

Ленин округу боюнча ЖК депутатын кайра шайлоо качан өтөт? Жооп

Бишкектин Ленин району боюнча Жогорку Кеңешке кайра шайлоону 10-сентябрда өткөрүү пландалдууда. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, азырынча шайлоо өтө турган күн боюнча чечим кабыл алына элек. Аталган маселе бүгүн, 12-июлда саат 14:30да боло турган отурумда каралат. Ошондой эле, бул шайлоого канча каражат кетери да аталган жыйында белгилүү болот.

Эскерте кетсек, быйыл 28-майда Бишкектин Ленин райондук шайлоо аймагы боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоо өткөн. Бул шайлоо Жаныбек Абиров мандатын тапшыргандан кийин өткөрүлгөн. 27-мартта Абиров мушташтын айынан мандатын тапшырууну чечкенин билдирген. Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясы анын арызын кабыл алып, аны мандатынан ажыраткан.

28-майда өткөн шайлоодо Дамира Ниязалиева эң көп добуш алган. Бирок ал добуш сатып алууга шектелип, анын талапкер катары каттоосу жокко чыгарылган. Ошондой эле, аталган шайлоодо экинчи орунду алган талапкер Улан Сариев да добуш сатып алууга шектелип жатканы кабарланган. Добуш сатып алуу фактылары боюнча кылмыш иштерои козголгон.

БШК шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, Ленин районунда кайра шайлоо өтө турган болгон.

Жокко чыгарылган шайлоону өткөрүүгө бюджеттен 18,5 млн сом жумшалган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>