Сыймык Жапыкеев кыргыз тили боюнча тестти экинчи аракетинде тапшырдыТүнкүсүн үшүк жүрүп, күн ачык болот: 25-октябрга карата аба ырайыБишкекте аймактын келечегине арналган ири эл аралык форум өттүАкжол Махмудов Астанадагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыктыМСК Душанбе шаарында салыктык башкарууда ЖИ колдонуу тажрыйбасын тааныштырдыЛионель Месси Астурия принцессасынын сыйлыгынын лауреаты болду
Баткенде лицейдин мугалими окуучуну сабаганы боюнча милиция текшерет (видео)
25.01.2024 | 11:44
Баткен облустук ички иштер башкармалыгы Кызыл-Кыя шаарындагы Сапат билим берүү лицейиндеги окуя боюнча текшерип баштады. Бул тууралуу Reporter.kg’ге аймактык милициядан билдиришти.
Белгилей кетсек, окуучуну сабап жаткан видео социалдык тармакка жарыяланды.
Окуя 22-январь түнү, лицейдин жатакасында болгон. Айрым маалыматтарга караганда, окуучуга кол көтөргөн мугалим Түркменстандын жараны.
“Сапат” билим берүү мекемеси бул боюнча билдирүү жасап, педагог менен тарбия иштери боюнча директордун орун басары жумуштан бошотулганын кабарлады. Ал эми лицейдин директорунун жоопкерчилиги жакында каралат.
“Балага кол көтөрүү эч качан акталбайт жана биздин билим берүү мекемебизде жол берилбейт”, – дейт “Сапат”.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом