Кара-Сууда жашыруун тамеки чыгарган завод аныкталды

Кара-Сууда жашыруун тамеки чыгарган завод аныкталды

УКМК тарабынан Ош облусунун Кара-Суу районунда жайгашкан акциздик маркасы жок тамеки буюмдарын өндүрүү жана сатуу боюнча жашыруун заводдун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, көрүлгөн чаралардын натыйжасында аталган завод 2022-жылы курулуп, бүгүнкү күнгө чейин тымызын иштеп келгени аныкталган.

Тамеки буюмдарын өндүрүү үчүн жабдыктар БАЭден алынып келинип, баасы 470 миң АКШ долларын түзгөн. Сырье (тамеки кагазы, фильтр,) жана тамекиге керектелүүчү башка компоненттер чет өлкөдөн ташылып келинген. Өндүрүлгөн акциздик маркалары жок тамеки буюмдары Кыргызстандын аймагында сатылып, коңшу республикаларга ташылып кетип турган.

Жүргүзүлгөн издөө иштеринин натыйжасында аталган заводдун аймагында жана тамеки сакталган кампалардан, (тамеки кагазы, этикетка, фольга, лента, чыпка, ж.б.), ошондой эле «Marlboro», «Platinum», «Asia», «Blue Sky» жана «WT» маркалары менен акциздик маркалары жок 97 куту тамеки (48 500 кутудан ашык) тамеки үчүн компоненттердин ири көлөмү табылып алынган.

Аныкталган каналдын уюштуруучуларынын бири болуп саналган «О.В.» аттуу чет элдик жаран кармалып, УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.

Учурда бул ишке башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>