Аселдин апасы соттун өкүмү тууралуу: Эне жүрөгүм макул болгон жок (видео)

Аселдин апасы соттун өкүмү тууралуу: Эне жүрөгүм макул болгон жок (видео)

Асел Ногойбаеванын апасы Тинатин Катаганова кызынын кулагы менен мурдун кесип салган мурдагы күйөө баласы Азамат Эстебесовго Сокулук райондук соту чыгарган өкүм боюнча оюн билдирди.

Эскерте кетсек, сот айыпталуучу Азамат Эстебесовду жалпы 20 жылга абакка кести. Ага бул жаза бир нече кылмыштын (мурда 8 жылга соттолгон «зордуктоо» иши, «адам өлтүрүүгө аракет кылуу», «зордуктоого аракет кылуу» жана «ден соолукка оор залал келтирүү» беренелери боюнча) жазасы бириктирилип берилди. Ошондой эле Эстебесов Асел Ногойбаевага моралдык зыян катары 2 млн сом төлөп берүүгө милдеттендирилди.

Тинатин Катаганова сот мыйзамда белгиленген жазаны бергенин айтып, мыйзамга баш ийерин, бирок эне катары берилген жазаны аз деп эсептей турганын белгиледи. Анын айтымында, мындай оор кылмыштарды жасаган адамдар өмүр бою абакта отурушу керек. Мындан улам мыйзамга өзгөртүү киргизүү зарыл экенин айтты.

«Бүгүнкү өкүм мыйзамдын чеги менен 20 жыл деп берилди. Бирок буга мыйзам чегинде макул болсом да, эне жүрөгүм макул болгон жок. Себеби мындай мыкаачыга өкүм бою жаза берилиши керек болчу. Мыйзамды өзгөртпөсө болбойт. Эгер бул адам 10 же 15 жылдан кийин чыгып калса, биздин үй-бүлөгө коркунуч жаратат. Мындай адам «мен чыксам Аселди өлтүрөм» деген бир ой менен гана жашайт. Балдарына, мага да коркунуч туулат. Анткени бул зөөкүр менин туугандарымдын даректерин билет. Ал чыкса эле бир кылмыш жасайт. Өмүр бою (эркинен ажыратуу жазасы — ред.) берилсе болмок. Менин жүрөгүм баары бир макул болбойт жатат», — деди ал.

Ал Асел Ногойбаеванын азыркы абалы тууралуу сөз кылып жатып кызы психикалык жактан аябай жабыркагандыктан, бирде күлүп, бирде кайгырып, мүнөзү тез өзгөрүлүп турарын билдирди.

Анын айтымында, жакында эле кызына операция жасалып, мурдунун тешикчелери чоңойтулган. Операция учурунда анестезия үчүн 20дай ийне (укол) сайылып, ал таасирин берген эмес. Мындан улам операция учурунда кызы баарын сезип турган.

Аселдин мурду-кулагын кескен мурдагы күйөөсү 20 жылга соттолду (видео)

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>