Кара-Сууда жердешин атып өлтүргөн эки адам изи сууй электе кармалды

Кара-Сууда жердешин атып өлтүргөн эки адам изи сууй электе кармалды

Кара-Суу районунда милиция кызматкерлери адам өлтүрүү фактысын изи сууй электе бетин ачышты, деп билдирет ИИМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, 25-июндан 26-июнга караган түнү саат 00:30 чамасында Кара-Суу РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Кара-Суу районунун 39 жаштагы тургуну А.А., аттуу жаранды белгисиз жарандар тарабынан ок атуучу курал менен атып, окуя болгон жерден изин жашырып качып кетишкендигин тууралуу маалымат келип түшкөн. Натыйжада, А.А., денесинен алган жараатынан улам окуя болгон жерде каза болгон.

Аталган факт Кара-Суу РИИБдин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, алгачкы текшерүү иштери башталган. Аталган факты боюнча 26-июнь күнү Кылмыш-Жаза кодексинин 122-беренесинин (адам өлтүрүү) 1-бөлүмүндө көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталган.

Тергөөнүн жүрүшүндө маркумдун жансыз денесине сырттан кароо жүргүзүлүп, соттук-медициналык экспертиза дайындалды

Мындан сырткары кылмышка колдонулган курал далил буюм катары документи жок бир даана, сайсыз ИЖ-17 үлгүсүндөгү ок атуучу курал алынып, ага соттук-баллистикалык экспертизалар дайындалды.

Кара-Суу РИИБдин Кылмыш иликтөө кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары Кара-Суу районунун Ынтымак айылынын жашоочулары — 1972-жылы туулган М. А. жана 1964-жылы туулган А.А. аттуу жарандар кармалышып, тергөө кызматына өткөзүлүп берилди.

Кылмышка шектүүлөр 26-июнь күнү Жазык процесстик кодекстин 96-берененин негизинде Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Кармалган шектүүлөргө карата 28-июнь күнү бөгөт коюу чарасы каралып, эки айга камакка алынды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>